Мэрдин балатысына даярдыктар кɵрүлүүдɵ

25-декабрда, Нарын шаарындагы №5 Кычан Жакыпов атындагы орто мектебинде Нарын шаарынын мэринин балдарга арналган балатысы ɵткɵрүлɵт. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

Мэрдин балатысына социалдык жактан колдоого муктаж үй бүлɵлɵрдүн балдары, окуунун мыктылары, тоголок жетимдер болуп, бардыгы шаар боюнча 150 бала катышат.

Балдарга жаӊы жылдык мэрдин белектерин даярдоого жергиликтүү бюджеттин эсебинен 80 миӊ сом акча каражаты каралды.

Учурда аталган мектеп тарабынан иш чараны ɵткɵрүүгɵ даярдыктар кызуу жүрүп жатат.

Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий