1-май күнү Нарын шаарында “Дени сак улут — ɵнүгүп жаткан ɵлкɵ” ураанынын алдында облустук спартакиада башталды.
Облустун бардык райондорунан келген жана Нарын шаарынын спорт ышкыбоздору спорттун 6 түрү боюнча күч сынашышат.
Спорттук мелдештин ачылышына шаар мэри Б.Жээналиев катышып, спорт сүйүүчүлɵрүнɵ ийгиликтерди каалап, 1-май Эмгек майрамы менен куттуктап ɵттү.
Белгилей кетсек, мелдештин жыйынтыгы менен облустук курама команда түзүлүп, алар Каракол шаарында ɵтɵ турган Республикалык спартакиадага жолдомо алышат.