Нарында Улуу Жеӊишке арналган майрамдык салтанат болуп ɵттү

20140509_093916 20140509_094304 20140509_095636 20140509_095659 DSC_0906[1] DSC_0907[1] DSC_0909[2] DSC_0934[1] DSC_0939[1]

Бүгүн, 9-май күнү Нарын шаарындагы «Тянь-Шань» паркында Улуу Жеӊиштин 69 жылдыгына арналган салтанаттуу митинг болуп ɵттү.

Иш-чара Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун эстелигине гүл чамбарларды коюу, асманга ок атуу жана куран окуу менен башталып, Кыргыз Республикасынын  транспорт жана коммуникация министри К.Султанов,  облустун жана шаардын жетекчилеринин куттуктоолору менен коштолду.

Митингди алып барган шаардын мэри Баатырбек Жээналиев ɵз сɵзүндɵ, «жеӊиш күнүн кɵз жаш менен кошо келген майрам деп тегин жерден атабаган чыгаар. Улуу майрам биздин кайгыбыз дагы, салтанатыбыз дагы. Бул күндү биз эстен чыгарууга акыбыз жок. Азыркы муундун атынан кан майданда баатырларча курман болгондордун, бүгүнкү күндүн жарыгын кɵрбɵй калгандардын элесине жана ооруктун эмгекчилерине тизе бүгүп, тереӊ таазим этебиз»,-деди.

Иш чаранын жүрүшүндɵ паркка тигилген аскердик чатырдын ичине ардагерлерге жана оруктун катышуучуларына  2025 аскердик бɵлүгү менен шаардык мэрия тарабынан дасторкон даярдалып, солдаттык каша  берилди.

Майрамдык иш чара чакан концерт, сый тамак жана улуттук ат оюндары менен улантылды.

 

Share

Mairambek

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий