«НАРЫН КЫШЫ-2019»

Нарын шаарындагы Т. Насырбеков атындагы канаттык-бугилдик жолунда, бүгүн, 29-декабрда кышкы туристтик мезгил ачылып, Нарын шаардык мэриясы жана шаардык спорт комитети тарабынан уюштурулган «Нарын кышы-2019» майрамдык иш чарасы ɵткɵрүлдү.

Кыш майрамына шаардагы бардык мекеме-уюмдардын жамааттары, шаар тургундары, спортту сүйүүчүлɵр катышып, табият коюнунда кɵӊүлдүү эс алышты.

Дене тарбия жана спорт комитети тарабынан жамааттар арасында лыжа тебүү, аркан тартыш, чака чапмай, чана жарыш сыяктуу кышкы оюндар боюнча мелдеш уюштурулуп, жеӊүүчүлɵргɵ баалуу сыйлыктар тапшырылды.

Майрамдык иш чарада Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлүнүн биринчи орун басары Касен Асизов, Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов, Нарын облустук тоо лыжасы федерациясынын президенти Кубанычбек Абас уулу жана башкалар сɵз сүйлɵп, кышкы туристтик мезгил акжолтой болуусун тилек кылышты.

Белгилей кетсек, быйылкы туристтик мезгилге карата Нарын облустук тоо лыжасы федерациясы 250 миӊ сомго 25 комплект лыжа тебүүгɵ ылайыкталган лыжа, кийим-кече жана башка жабдууларды сатып алышып, бүгүн пайдаланууга беришти.

Майрамдык иш чарада Нарын шаардык мэриясы тарабынан мекеме-ишканалардын жаӊы жылдык жасалгасы боюнча ɵткɵрүлгɵн кароо-сынактын жыйынтыгы да чыгарылып, алдыӊкы орундарды жеӊүүчүлɵргɵ 1-2-3-даражадагы дипломдор жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

Share

Добавить комментарий