Нарын мамлекеттик университетинин 18 жылдыгы белгиленди

Бүгүн Нарын шаарынын “Жаштар ордосунда” Мамлекеттүүлүктү бекемдɵɵ жылына, жана Сатыбалды Нааматов атындагы, Нарын мамлекеттик университетинин  18 жылдыгына арналган, «Ааламдашуунун  шарттарында Кыргызстандын региондорун туруктуу ɵнүктүрүү»  деген темадагы,  эл аралык илимий-практикалык конференция болуп ɵттү.

Конференцияга Жогорку Кеӊештин депутаттарынан атайын топ,  облус, шаар башчылары  катышышып, алардын  конференцияга карата баяндамалары угулду.

Ал эми шаар мэри Б.Жээналиев  ɵз сɵзүндɵ,   Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин жамаатын уюшулгандыгына 18 жыл толушу менен Нарын шаардык мэриясынын атынан куттуктап, билим берүү системасын өнүктүрүүгө, республиканын ар кайсы тармактары үчүн жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоого кошкон зор салымы үчүн Нарын шаарынын элинин атынан тереӊ  ыраазычылык билдирип, 18 жашка толуп жаткан жогорку жайга жергиликтүү бюджеттин эсебинен 18 миӊ сом акча каражатын  которуу жолу аркылуу берилээрин убадалады.

Бүгүнкү күндɵ Нарын мамлекеттик университети жергиликтүү ɵзүн ɵзү башкаруу органдары менен тыгыз иш алып барып, кызматташып келээрин белгилей кетпесек болбос. Ѳткɵн жылы белгиленген Нарын шаарынын 145 жылдыгына карата, атайын маданий-массалык иш-чараларды, илимий конференцияларды уюштуруп, мааракени ɵткɵрүүгɵ чоӊ салымын кошту.

Ал эми ɵз кезегинде, Нарын шаардык мэриясы жогорку окуу жайдын ишмердүүлүгүнɵ ар кандай колдоолорду кɵрсɵтүп, жылына бир жолу мыкты окуган студенттерге мэрдин стипендиясын тапшырып келүүдɵ.

20140514_101159 20140514_101214 20140514_101246

 

Share

Mairambek

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий