2017-жылдын 1-январына карата Нарын райондор аралык жылуулук камсыздоо өндүрүштүк мекемесине бардыгы 25 откана карайт ( анын ичинен 22 откана электр энергиясы, 3 откана көмүр менен иштейт).
Бардыгы 88 көп кабаттуу үйдү, 31 менчик үйлөрдү, республикалык бюджеттеги 22 мекемени, жергиликтүү бюджеттеги 19 мекемени жана 4 башка керектөөчүлөрдү, башкача айтканда 1873 абонентти жылуулук менен камсыз кылып келет. Булардын ичинен 8 мектеп анын 7сү электр менен (1-московский, 5-автономдуу, 1-ипподром ), 1сү көмүр менен жылыйт (№4 Э.Ибраев ), 8 бала бакчанын 4 борбордук отканалар менен, 4 автономдуу откзандар менен жылытылат. 2016-2017-жылдын күзгү-кышкы жылытуу мезгилине отканаларды даярдоо боюнча бир катар ремонт иштери жүргүзүлдү.