Нарын суу-канал ишканасы

        Нарын суу-канал ишканасы 1-июнь 1980-жылы уюшулган. Жетекчиси Максуталиев Нурлан Кубатович. Нарын шаардык суу канал ишканасынын имараты 1957 жылы курулган, Имараттын аянтты 140м2.

     Нарын суу канал ишканасы өзүн-өзү каржылаган чарбалык эсепте (хозрасчетный) турган, курулуш иштерин курбаган, эксплуатациялык кызмат көрсөткөн, курулуп бүткөн обьектилерди өткөрүп алып, элге таза суу жеткирип, ыплас сууларды кабыл алып тейлейт. Ишкананын жетишкендиги 2014-жылы 12684,1 миң сом чогултулса, 2015-жылы 17774,7 миң сомго көбөйгөн.


        01.01.2016-жылга карата ишканада 74 жумушчу-кызматчы иштейт, анын ичинен 18 аялдар, ишканада орточо айлык акы  7991 сом 50 т. түзөт.

Шаардын калкын таза суу менен камсыз кылуу  жана ыплас сууларды тазалоо боюнча өткөн жылы бир катар иштер аткарылды. 2017-жылдын 1-январына карата шаардын калкы менен мекеме, ишканаларына 1480,0 миң. м3 таза суу берилип, 920,0 миң.м3  ыплас суу кабыл алынып тазалоодон өткөрулдү.

Мекеменин балансасында жалпы кубаттуулугу 7,92 миң м3/суткалык төрт суу алуучу жай (негизги Ак-Бечел — 6,0 миң м3/ суткасына, Батыш — 0,90 миң м3/сут, Теке-Секирик — 0,96 миң3/сут, Кирпичный — 0,06 миң3/сут), жалпы узундугу 108,79 км таза суу түтүкчөлөрү (Чыгыш чөлкөмүндо — 8,90 км, Батыш чөлкөмүндө — 7,94 км, Ак-Бечел борбор чөлкөмүндө — 89,03 км, Кирпич завод — 2,92 км). Таза суу алуучу колонкалар 117 даана (Чыгыш — 27, Батыш — 33, Ак-Бечел — 57, Кирпичный — 3), кубаттуулугу 6,0 миң м3/сут ыплас сууларды тазалоочу жай жана узундугу 28,34 чакырым канализациялык түтүкчөлөрү бар.

Азыркы кундо шаардагы   абоненттердин саны 8672 тутун, 26680 киши.

Мекеме-ишканалар боюнча абоненттердин жалпы саны 300.

Мекеменин 2017-жылдын 1-январына карата дебитордук карызы 4992,9 миң сомду, ал эми кредитордук карызы 2264,7 миң сомду түздү.

Анын  ичинен:

— жалпы бюджеттен каржыланган мекеме, ишканалардыкы 661,9 миң. сом.

— хозрасчеттук мекемелердики 361 миң. сом.

— элдики 3970,0 миң.сом.

 


       Нарын суу-канал ишканасы шаардын калкын жана мекеме-ишканаларын таза суу менен камсыз кылат жана ыплас сууларын кабыл алып тазалайт. 01.01.2016-жылга карата шаардын калкы менен мекеме-ишканаларына 1375,0 мин.м3 таза суу берилип, 705,0 мин.м3 ыплас суу кабыл алынып тазалоодон өткөрдү.

        Мекеменин балансасында жалпы кубаттуулугу 7,92 мин м3/суткалык төрт суу алуучу жай (негизги Ак-Бечел-6,0мин м3/ суткасына аянтты 22га, периметр 5км, Батыш-0,90мин м3/сут, Теке-Секирик–0,96 мин3/сут, Кирпичный-0,06 мин3/сут), жалпы узундугу 108,79 км (Чыгыш чөлкөмүндө-8,90 км, Батыш чөлкөмүндө-7,94 км, Ак-Бечел борбор чөлкөмүндө-89,03 км, Кирпич завод-2,92 км) жалпы 108,79км, азыркы учурдун талабынан ылайык суу алуучу жайдар видеокөзөмөлдөр коюлду.

           Суу түтүкчөлөрүндөгү суу алуучу колонкалар 117 даана (Чыгыш-27, Батыш-33, Ак-Бечел-57, Кирпичный-2) Мындан тышкары ишкана кароосуз калган (Кирпич завод) скважинасын иштетип келүүдө.

        Нарын шаарынын ыплас сууларды тазалоочу жайдын курулушу 1964-1970-жылдары аскер горнизону үчүн курулуп, көп кемчиликтер менен биологиялык тазалоочу жайсыз, механикалык тазалоо менен курулгандыктан, тазалоонун эффективдүүлүгү 30-35 пайызды түзөт, кубаттуулугу 6,0 мин м3/сут ыплас сууларды тазалоочу жай жана узундугу 28,34 км канализациялык түтүкчөлөру бар.

         Азыркы кундо шаардагы  эл боюнча абоненттердин саны 8510 тутун, 26565 киши.

Анын ичинен:

—  үйлөрүндө суу-канализациясы барлар-2311 тутун (6088 киши);

—  үйүнөн суу чыккандар-3348 тутун  (11283 киши);

—  колонкалардан суу алуучулар-2851 тутун  (9194 киши);

Мекеме-ишканалар боюнча абоненттеринин жалпы саны 316

 Анын ичинен:

— суу-канализациясы барлар —  78

— ичинде суу барлар —  190

— колонкадан суу пайдалангандар – 48

       Нарын шаардык суу канал ишканасына караштуу таза түтүктөрүнүн колодецтери 2020, канализацияныкы 429 колодец баардыгы 2449 колодец.

      Азыркы күндө мекемеде төмөндөгүдөй техника бар: Экскаватор ЮМЗ-1 бирдик, ГАЗ-53 КО-503-2 бирдик, ГАЗ-53 самосвал-1 бирдик. Тележка трактор-1 бирдик, АУДИ-100-1 бирдик, Вольсваген «Пассат»-1 бирдик, 2015-жылы АРИС аркылуу «Беларусь» маркасында экскаватор жана өздөрүнүн жыйымы менен «Портер» маркасында жана Айлана чөйрөнү коргоо агенттигинин жардамы менен 2950,0 сомго ваакумдук машиналар (АС) алынды.

        Нарын шаардык Кеңешинин 2015-жылдын 19-мартындагы XXVI   чакырылыштагы кезектеги  XX сессиясынын №8 токтомуна ылайык Нарын суу канал ишканасынын таза суу жана канализациянын кызмат акы тарифи төмөндөгүдөй:

         Көп кабаттуу жана турак үйдүн ичинен суу чыккан, канализациясы бар тургундарга 1(бир) адамга 1(бир) айга таза суу үчүн-19 сом,60 тыйын, ыплас суу-19 сом, 00 тыйын.

         Турак үйүнүн ичинде таза суу бар тургундарга    1(бир) адамга 1(бир) айга таза суу үчүн-19 сом,41 тыйын.

         Көчөдөгү колонкадан суу алуучу тургундарга  1(бир) адамга 1(бир) айга таза суу үчүн-4 сом,25 тыйын.

         Коммуналдык бюджеттеги мекемелерге 1 м/куб үчүн- 18 сом,00 тыйын, ыплас суу-17 сом, 00 тыйын.

         Чарбалык эсептеги мамлекеттик жана менчиктин түрүнө карабастан (ишканалар, дүкөндөр, ашканалар жана башкалар) 1 м/куб үчүн-19 сом,00 тыйын, ыплас суу-19 сом, 00 тыйын.

         Нарын шаарындагы таза суу жана канализация түтүктөрүн толук реабилитациялоо үчүн Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Нарын шаары үчүн 6,2 млн.евро инвестиция тартылып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеште  ратификацияланды, ал төмөнкүдөй чечилип берилет:

         2,0 млн. евро- Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын насылык каражаты;

         3,2 млн. евро-Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтүнүн гранты(SECO);

         1,0 млн. евро-техникалык колдоо боюнча грант.

Share

Комментирование запрещено