Нарын шаардык муниципалдык «Таза Нарын» ишканасы

Нарын шаардык муниципалдык «Таза-Нарын» ишканасына 2016-жылы жергиликтүү бюджеттен  жалпы 30236,5 миң сом каржыланып,өткөн жылга салыштырмалуу 6869,6 миң сомго көп каржыланды (2015-жылы 23366,9 миң сом бөлүнгөн)

Шаардын санитардык тазалыгын сактоону камсыз кылуу багытында таштанды төгүү боюнча 225 точка уюштурулуп, мунун 210 точкасына 295 контейнер коюлуп, ал эми 15 точкасы бетон тосмоолор менен тосулган.Нарын шаардык мэриясынын алдында түзүлгөн координациялык Кеңеш  менен Ага Хан фондусунун MSDSP KG программасынын биргелешкен ишинин натыйжасында 300,0 миң сомдук  1 долбоор жактырылып анын негизинде “Таза-Нарын” ишканасынын 14 мусор чыгарган автомашинасына GPS  мониторинг коюу жана 35 мусор төгүлүүчү жайларга бетон дорожкаларды салуу иштери бүткөрүлүүдө.

Жалпы таштанды чыгаруу боюнча 7 маршрут түзүлүп, 2016-жылы 27789 метр куб  турмуш тиричилик таштандылары чыгарылды. Жыл ичинде таштанды үчүн элден жана мекеме ишканалардан 3213,2 миң сом чогултулуп, 112,5 миң сомго элге кызмат көрсөтүлдү. Мекеменин жалпы кызмат көрсөтүүсүнүн кирешеси 160,0 миң сомду түздү. Таштандылар Карга-Жайлоодогу таштанды төгүүчү жайга төгүлүп, жумасына 2-3 жолу трактор менен түртүү иштери  жүргүзүлүп  келди. Айланасы 440,0 миң сомго тосулду.

Жергиликтүү бюджеттин эсебинен шаардын 33 көчөсүнө жалпы 204 түнкү  жарыктар жаңы коюлду. Ал эми борбордук Ленин көчөсүнө 133 заманбап диодовый фонарлар коюлуп, буга жергиликтүү бюджеттен 1400,0 миң сом бөлүнүп берилди.

Акыркы убактарда шаарда менчик авто унаалардын саны  көбөйгөндүктөн, алардын  кыймылын  жөнгө  салуу  боюнча  Ленин көчөсүнө 806,8 миң сомго 2  цифралык светофор, шаардын 3 мерчемдүү жерине видеокамералар жана 400,0 миң сомго 88 жол белгилери орнотулду. Ошондой эле борбордук Ленин көчөсүнө 64 аймагынан Жаңы-Жолго чейинки жолго термо пласт менен жол чийиндери жүргүзүлдү.

2016-жыл ичинде шаардын 16 ички көчөлөрүнө 2500 м3 балласт төгүлүп, түздөө  иштери  жасалды. Кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча 30  тонна туз, 240 м3 инерттик материалдар даярдалып, кар жааган мезгилдерде шаардын көчөлөрүнүн кесилиштерине себилип  жатат.

Өткөн жылы  ГОВДан ДСУга чейин жана УВДдан В.Чкалов мектебине чейинки тротуарды брусчаткалоо иштери улантылды. Мекеменин материалдык базасын чыңдоо боюнча ишкананын короосуна склад, жумушчулар үчүн жуунучу жай, техникалар үчүн бокстар курулууда. Шаарыбызды таза кармоо максатында апрель айынан баштап ишембиликтер өткөрүлүп, көчөлөрдү, мекеме, ишканалардын айланаларын, парктарды жана скверлерди көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштери жүргүзүлүп 16530 метрден ашык арыктар, өткөөлдөр тазаланып, парктардагы, скверлерге жана көчө жээктерине  5000 ашык тал-теректин, 640 ийне жалбырактуу карагайдын көчөттөрү тигилди. Мындан сырткары шаардын борбордук аянтына, пактарга, скверлерге ар кандай  гүлдөрдүн 15050 түп көчөттөрү отургузулду. Шаардын ипподром аймагына сквер уюштурулуп, айлана тегерегин тосуу иштери жасалды. Ошондой эле Тайлак Баатыр сквери толугу менен тазаланып, сырдалып, чөптөрү тегизделип, түнкү жарык берүүчү лампалары алмашылды.

Учурда мекеменин питомнигинде бак-дарактардын 14 түрү өстүрүлүп жатат. Ошондуктан мекеменин жетекчилиги бүгүнкү күндө бак-дарактардын көчөттөрүнүн түрлөрүн  көбөйтүү менен шаардын  мекеме-ишканаларын жана жашоочуларын арзан  баадагы  көчөттөр менен  камсыз  кылуу жана негизги көчөлөрдөгү бак дарактарды тегиздөө иштерин бүткөрүү боюнча  аракеттерди көрүүсү зарыл.

2016-жылдын декабрь айында “Таза Нарын” ишканасынын аймак башчылары жана кварталдык комитеттери шаардык статистика бөлүмү менен бирдикте мал каттоо иштерин жүргүзүштү. Бүгүнкү күндө шаар боюнча ийри мүйзүдүү мал 2772 башты, анын ичинен  уй — 1603, жылкы — 1480, кой-эчки — 24526 башты жана канаттуулар 6596  даананы түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу уйдун саны 308,жылкы 225 жана кой-эчки 2670 башка көбөйгөн.

Өткөн жылы жергиликтүү бюджеттен 170,0 миң сом бөлүнүп 941 баш ит атылса, 2017 жылы 216,7 миң сом бөлүнүп, учурда жолбун иттерди  атуу иштери жүргүзүлүп жатат..

FacebookTwitterVKOdnoklassnikiWhatsAppДостор менен бөлүшүү

Комментирование запрещено