Нарын шаардык суу канал ишканасы

Жалпы маалымат

IMG_2798Шаардын калкын таза суу менен камсыз кылуу  жана ыплас сууларды тазалоо боюнча өткөн жылы бир катар иштер аткарылды. 2017-жылдын 1-январына карата шаардын калкы менен мекеме, ишканаларына 1480,0 миң. м3 таза суу берилип, 920,0 миң.м3  ыплас суу кабыл алынып тазалоодон өткөрулдү.

Мекеменин балансасында жалпы кубаттуулугу 7,92 миң м3/суткалык төрт суу алуучу жай (негизги Ак-Бечел — 6,0 миң м3/ суткасына, Батыш — 0,90 миң м3/сут, Теке-Секирик — 0,96 миң3/сут, Кирпичный — 0,06 миң3/сут), жалпы узундугу 108,79 км таза суу түтүкчөлөрү (Чыгыш чөлкөмүндо — 8,90 км, Батыш чөлкөмүндө — 7,94 км, Ак-Бечел борбор чөлкөмүндө — 89,03 км, Кирпич завод — 2,92 км). Таза суу алуучу колонкалар 117 даана (Чыгыш — 27, Батыш — 33, Ак-Бечел — 57, Кирпичный — 3), кубаттуулугу 6,0 миң м3/сут ыплас сууларды тазалоочу жай жана узундугу 28,34 чакырым канализациялык түтүкчөлөрү бар.

Азыркы кундо шаардагы   абоненттердин саны 8672 тутун, 26680 киши.

Мекеме-ишканалар боюнча абоненттердин жалпы саны 300.

Мекеменин 2017-жылдын 1-январына карата дебитордук карызы 4992,9 миң сомду, ал эми кредитордук карызы 2264,7 миң сомду түздү.

Анын  ичинен:

— жалпы бюджеттен каржыланган мекеме, ишканалардыкы 661,9 миң. сом.

— хозрасчеттук мекемелердики 361 миң. сом.

— элдики 3970,0 миң.сом.

FacebookTwitterVKOdnoklassnikiWhatsAppДостор менен бөлүшүү

Комментирование запрещено