Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасы  аукцион, конкурс аркылуу ижарага берет

 1-Лот. Нарын шаарынын Мамбетов көчөсү менен Ленин көчөсүнүн кесилишинен коммерциялык багытта жеңил конструкция менен 50 ч.м жер аянты конкурс аркылуу ижарага берилет.

Конкурстун шарты Эскиздик проект менен катышуу. Ижара акысы айына 1750 сом.

2- Лот Нарын шаарынын Ботугулов көчөсү менен Молдоев көчөсүнүн кесилишинен 15 ч.м жер аянты коммерциялык багытта 1 жылдык мөөнөткө аукцион аркылуу ижарага берилет.  Баштапкы баасы айына 450 сом.

3-Лот. Нарын шаарынын Ж. Турусбеков көчөсү №3 үйүнүн артында турган 44 ч.м жер аянты жашылдандыруу максатында 1 жылдык мөөнөткө аукцион аркылуу ижарага берилет. Баштапкы баасы жылына 220 сом.

4 -Лот. Нарын шаарынын Кара-Бүк көчөсүнөн 600 ч.м жер аянты аукцион аркылуу жашылдандыруу максатында ижарага берилет. Баштапкы баасы жылына 3000 сом.

5-Лот. Нарын шаарынын Ак-Коргон аймагынан, Ленин көчөсүнүн түндүк тарабынан, Нарын мамлекттик университетинин маңдайынан коммерциялык багытта унаа жуучу жай салууга 250 ч.м жер аянты жеңил типтеги конструкция менен бир жылдык мөөнөткө аукцион аркылуу ижарага берилет. Ижара акысы айына 7500 сом. Аукциондун шарты эскиздик проект менен катышуу.

6-. Лот Нарын шаарынын Ак-Коргон аймагынан, Ленин көчөсүнүн түндүк тарабынан, Нарын мамлекттик университетинин маңдайынан коммерциялык багытта ашкана салууга 140 ч.м жер аянты жеңил типтеги конструкция менен бир жылдык мөөнөткө аукцион аркылуу ижарага берилет. Ижара акысы айына 4200 сом. аукциондун шарты эскиздик проект менен катышуу.

7-лот. Нарын шаарынын Раззаков көчөсүнөн узуну 3 м. Туурасы 6 м. жарнак такта орнотууга аукцион жарыяланат. Ижара акысы айына 900 сом. Аукциондун шарттары эскиздик проект менен катышуу.

8-лот. Нарын шаарынын Жаңы-Жол аймагынан Жаңы-Жол көчөсүнөн узуну 3 м. Туурасы 6 м. жарнак такта орнотууга аукцион жарыяланат. Ижара акысы айына 900 сом. Аукциондун шарттары эскиздик проект менен катышуу.

Катышуучулар гарантиялык акысын, баанын 10% РСК банк аркылуу төмөнкү реквизитте төлөшөт. 44050122002339

Документтер  Нарын шаары Ленин көчөсү № 64 даректе 2020-жылдын 18-сентябрына чейин кабыл алынат.

Байланыш тел: 5-16-21

Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасы коомдук угуу жарыялайт.

Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасы турак жай курууга Курманова Эльнурага жер аянтын жеке менчикке бөлүп берүү жөнүндө коомдук угуу жарыялайбыз.

Ошондой эле КР ӨКМнин корутундусунун негизинде турак жай жараксыз деп табылган жарандарга турак жай куруу үчүн жер аянты Кирпич-Завод аймагынан берилээрин жарыялайбыз.

 

 

Share

Mairambek

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий