2016-жылдын III-кварталында Нарын шаардык мэриясына жалпы 526 кайрылуу, түшкөн, мунун ичинен: 253 жазуу жүзүндө, 5 электрондук кайрылуу, коомдук кабылдамага 173, ишеним телефонуна 7 жана 88 ооз эки кайрылуу.
Келип түшкөн арыздардын мүнөзүнө жараша төмөндөгүдөй бөлүнөт:
- жетекчилердин кызмат абалынан пайдалангандыгы жөнүндө -1;
- эмгек акы, иштен туура эмес бошотуу жөнүндө -4;
- пенсия, пособие боюнча-3;
- жеңилдиктер (соц.маселелер) материалдык жардам берүү – 50;
- билим берүү боюнча-5;
- транспорт, байланыш, жол маселелери боюнча -12;
- кызмат сурап кайрылгандар -2;
- коммуналдык тейлөө (эл.энергия, жылуулук, таштанды ж.б.) -13;
- квартира, турак-жай, курулуш, менчиктештирүү боюнча – 20;
- соода маселелери жана базар, жеке ишкерлер боюнча – 5;
- таза суу маселеси боюнча -11;
- жер маселеси боюнча-20;
- турак-жай салууга жер бөлүп берүү боюнча -5;
- табигаттын кырсыгынан жапа чеккендер, ссуда алуу боюнча -19 жана башка маселелер боюнча — 88 арыз даттануу каралган.