Нарын шаардык мэриясынын алдындагы ГИС борбордун ачылышы

IMG_1322Бүгүн 25-майда муниципалдык кызмат кɵрсɵтүүнүн мейкиндик же геомаалымат базасын түзүү максатында Нарын шаардык мэриясынын алдында Геомаалымат борборунун ачылышы болуп ɵттү. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

Ага Нарын шаарынын мэри Р.Адиев, Ага Хан ɵнүктүрүү тарамынын ɵкүлү Майкл Хокер мырза, шаардык Кеӊештин тɵрагасы Э.Турсуналиев, шаардын депутаттары, КР Ага Хан Фондусунун,  MSDSPKG коомдук фондунун кызматкерлери, Профессионалдык жана үзгүлтүксүз билим берүү мектебинин ɵкүлдɵрү, Нарын шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык кызматтардын сапатын жогорулатуу боюнча Координациялык Кеӊештин мүчɵлɵрү катышышты.

Аталган борборго мэрия тарабынан кабинет бɵлүнүп, ал жергиликтүү бюджеттин эсебинен 97 миӊ сомго толук ремонттон ɵткɵрүлүп, керектүү компьютердик шаймандар жана эмеректер менен MSDSPKG коомдук фонду тарабынан 15 миӊ долларга камсыздалды.

Бул жерде шаардын геомаалымат базасы жана электрондук картасы жасалып, адистер үчүн окуулар жана тажрыйба алмашуулар ɵтүп турат. Геомаалымат борборунда үч жумушчу станциялар орнотулган, алар бири-бирин толуктап туруучу ГИС Сервер, Web-Сервер жана VPN серверлер.

Шаардын интерактивдүү картасы мэриянын вебсайтында жайгаштырылат жана мындан ары колдонуу жагы мэрияга жана муниципалдык ишканаларга ɵткɵрүлүп берилет. Ал эми коомчулук, жергиликтүү жарандар керектүү маалыматтарды алуу үчүн түзүлгɵн картаны колдонуп, муниципалдык кызматтардын, мэриянын ишмердүүлүгү боюнча маалымат алышат.

ГИС борборунун ачылышынын жүрүшүндɵ Нарын мэриясы жана MSDSPKG коомдук фондусу ортосунда мындан аркы кызматташууну ɵɵрчүтүү максатында, макулдашуу түзүлүп, келишимге кол коюлду.

Ошондой эле иш чарада  Профессионалдык жана үзгүлтүксүз билим берүү мектебинин «Муниципалдык башкаруу», «Жергиликтүү бюджет», «Компьютердик сабаттуулук» курстарынан окуудан ɵткɵн 38 муниципалдык кызматкерге сертификаттар тапшырылды.

Белгилей кетсек, «ГИС технологиясын колдонуу менен Нарын шаарынын пландаштыруусун биргеликте жогорулатуу» долбоору Нарын шаарынын жарандык коомунун активдүү катышуусунда таза суу жана санитария багытында кɵрсɵтүлүп жаткан кызматтардын сапатын кɵтɵрүү болуп саналат.

Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий