НАРЫН ШААРДЫК МЭРИЯСЫНЫН АЛДЫНДА АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК УКУК БУЗУУЛАР БОЮНЧА КОМИССИЯСЫ ТҮЗҮЛДҮ

Презентация1Нарын шаарынын аймагын ирээтке келтирүү, санитардык тазалыгын камсыз кылуу жана шаардын аймагындагы администрациялык укук бузууларды алдын алуу максатында, Нарын шаардык мэриясынын алдында администрациялык  укук бузуулар боюнча 19 адамдан турган комиссия түзүлдү . Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Комиссиянын төрагасы болуп Нарын шаарынын 1-вице-мэри Н.Молдокадыров дайындалып, анын курамы мэриянын жана тиешелүү мекеме, ишканалардын  кызматкерлеринен, шаардын депутаттары жана коомчулуктун өкүлдөрүнөн түзүлдү.

Комиссия туруктуу иштөөчү коллегиялык орган болуп эсептелет жана мындан ары ал Нарын шаардык Кеңешинин IV чакырылыштагы 2017-жылдын 28-апрелиндеги VIII сессиясынын № 5 Токтому менен бекитилген Жобонун негизинде иш алып барат.

Жободо комиссиянын негизги милдеттери жана функциялары, укуктук статусу, анын мүчөлөрүнүн функциялык милдеттери, администрациялык укук бузуулар боюнча өндүрүш, укук бузууларды жол жоболоштуруу, иштерди кароо, жаза чараларын салуу боюнча бир катар бөлүмдөр көрсөтүлгөн.

Ага ылайык комиссия Нарын шаарынын аймагында администрациялык укук бузууларды жасаган  юридикалык жана  жеке жактарга, ошондой эле кызмат адамдарына карата администрациялык таасир көрсөтүү чараларын колдонот.

НАРЫН ШААРДЫК МЭРИЯСЫНЫН АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК УКУК БУЗУУЛАР БОЮНЧА КОМИССИЯСЫ ЖӨНҮНДӨ ЖОБО

IMG_7236 IMG_7237 IMG_7238 IMG_7241 IMG_7243 IMG_7245

FacebookTwitterVKOdnoklassnikiWhatsAppДостор менен бөлүшүү

Добавить комментарий