Бүгүн, 29-январда Нарын шаардык мэриясы 2014-жылда аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева билдирет.
Коллегияда мэриянын 2014-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жыйынтыктары, 2015-жылга карата милдеттер туурасында маалыматтар берилди.
Алгач, Нарын шаарынын 1-вице-мэри Алмаз Суранов бардык тармактардын 2014-жылдагы жетишкендиктери жана аткарылган иштер, орун алган кемчиликтер тууралуу маалымат берди.
Анда, Нарын шаарынын 2014-2017-жылдарга туруктуу ɵнүгүү программасы боюнча «Жол картасына» 2014-жылга жалпысы 2 млрд 527 млн 198 миӊ сомдук 77 долбоорду ишке ашыруу пландаштырылып, бардыгы 41 долбоорго жалпысынан алганда 833,6 млн. сомго мамлекеттик жана жеке инвестициялар тартылып иш алынып барылганы маалымдалды.
Ал эми бүгүнкү күндүн кɵйгɵйлүү маселелеринин бири болуп калкка алгачкы медициналык жардам кɵрсɵтүүдɵ дарыгерлердин кескин жетишсиздиги, ɵзгɵчɵ үй-бүлɵлүк дарыгерлердин жоктугу, “Тез жардам” кызматы Нарын шаары менен Нарын районун тейлеп жаткандыгына байланыштуу, бригадалар чакырууларга үлгүрбɵй, кɵрсɵтүлүп жаткан алгачкы медициналык жардамдын сапатына терс таасирин тийгизип жаткандыгы туурасында вице-мэр С.Эсенаманова баяндады.
Ошондой эле билим берүү жаатында мектептердин жана балдар бакчалардын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу, инвестиция тартуу жана долбоорлор менен иштɵɵ багытында жалпысынан 3 519 954 сом инвестиция тартылганы, мектептеги рэкетчилик жана тарбия иштери, мугалимдердин жоопкерчилигин көзөмөлдөө үчүн мектептин ичи сыртына видеокɵзɵмɵлдɵɵчү камералар орнотулганы жана башка жетишкендиктер менен бирге жыл ичинде орун алган кемчиликтерге- окуучулардын билим сапатына, балдар бакчасына нормага ылайык 700 бала алынышы керек болсо, бүгүнкү күндө нормадан сырткары 1799 бала тарбияланып жаткандыгына, балдар бакчаларына балдарын бере албай кезекте тургандардын саны жылдан жылга кɵбɵйүп бараткандыгына жана башка социалдык чɵйрɵдɵгү маселелерге токтолду.
Белгилей кетсек, коллегиянын ишине Өкмөттүн облустагы өкүлү А.Кайыпов катышып, кɵчɵ бойлоп жүргɵн малдар боюнча иш алып барылбай жатканы, муниципалдык департаментинин ички ресурстары кɵп болсо дагы мекеменин финансылык абалы учурдун талабын канааттандырбай, башкача айтканда мекеменин жалпы чыгымы түшкɵн каражаттын ɵзүн актабай жатканын, ɵзүн-ɵзү актаган, жергиликтүү бюджетке пайда алып келүүчү мекемеге жеткирүү керек экендигин белгиледи.
Жыйындын жүрүшүндɵ тиешелүү мекеме жетекчилер тийиштүү маселелер боюнча суроолорго жооп беришип, кɵйгɵйлɵрүн билдиришти.
Коллегиянын токтому окулуп, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгɵ багытталган иш аракеттердин сапатын жакшыртуу, таштанды, жашылдандыруу, таза суу, түнкү жарык, шаарды кɵрктɵндɵрүү, калкка кызмат кɵрсɵтүүнүн абалын жакшыртуу, “Жол картасында” пландалган жана башка тапшырмаларды аткаруу жагы тиешелүү мекеме, ишканаларга милдеттендирилди.