Эртеӊ, 23-декабрда Нарын шаардык «Кɵгүлтүр от» майрамдык иш чарасы ɵткɵрүлɵт. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.
Иш чаранын негизги максаты — жыл башында жарыяланган «Жылдын мыктылары» сынагынын жыйынтыгын чыгаруу, жеӊүүчүлɵрдү сыйлоо.
Ошондой эле шаардык мекеме — ишканалар арасындагы эӊ мыкты кɵркɵм-эстетикалык жасалгалоо сынагынын жыйынтыгы да ушул күнү чыгарылат.
Иш чарага шаардын депутаттары, мекеме жетекчилер, номинанттар, жалпыга маалымдоо каражаттары катышат.
Белгилей кетсек, «Кɵгүлтүр от» жаӊы жылдык кечеси быйыл экинчи ирээт ɵткɵрүлɵт.