НАРЫН ШААРДЫК МЭРИЯСЫ НАРЫН ШААРЫНЫН УЮШУЛГАНДЫГЫНЫН 150 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН ЛОГОТИП ИШТЕП ЧЫГУУ БОЮНЧА АЧЫК СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ!!!

Сынактын Жобосу:

1. Нарын шаарынын уюшулгандыгынын 150 жылдыгын жогорку деӊгээлде уюштуруу жана ал иш-чараны кооз жана таанымал белгинин (логотиптин) алдында ɵткɵрүүнү камсыз кылуу максатында ачык сынак ɵткɵрүлɵт.

2. Жеӊүүчү деп табылган логотиптин варианты шаардын мерчемдүү жерлерине тагылуучу кɵрнɵк-жарнактарга, папка, китеп, чакыруу барак, блокнот, ручкаларга жана башка продукцияларга түшүрүлүп, 150 жылдыкты белгилɵɵдɵ кеӊири колдонулат.

3. Логотипке коюлуучу негизги талаптар:
-шаардын тарыхын, символикаларын, географиялык ɵзгɵчɵлүктɵрүн, флора, фаунасын ж.б. чагылдыруу (бардыгын же бир гана композицияны тандап алууга жол берилет);

— кыргыз элинин оймо-чийме жана башка кооздоо элементтерин колдонуу кубатталат;

— эстетикалык жактан кɵзгɵ толумдуулугуна, кооздугуна жана жарашыктуулугуна маани берилет;

— логотиптин эскиздери компьютердик программалар (CorelDraw Adobe Photoshop ж.б.у.с.) аркылуу жасалып, колдонууга даяр болушу керек;

— логотипке колдонулган сүрɵттɵр жана башка элементтер сапаттуу болуусу шартталат.

4. Сынака катышуу үчүн даярдалган эскиздердин баракка чыгарылган түстүү нускасы жана электрондук варианты 2018-жылдын 23-июлуна чейин Нарын шаардык мэриясына берилүүгɵ тийиш.

5. Сынактын жыйынтыгы 2018-жылдын 25-июлуна чейин чыгарылат.

6. Сынактын жеӊүүчүсү атайын диплом жана 5 миӊ сом ɵлчɵмүндɵгү акчалай сыйлык менен сыйланат.

7. Сыйлык Нарын шаарынын 150 жылдык мааракесинде салтанаттуу түрдɵ тапшырылат.

Сурап билүү телефондору: 03522 50676 факс, 0700 663399 моб., 0550 663398 (WhatsApp), e-mail: meriyanaryn@mail.ru

Нарын шаардык мэриясы.

Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий