Нарын шаардык мэриясына 2016-жылдын 2-кварталында жалпы 348 кайрылуу келип түшкөн, мунун ичинен 172 жазуу жүзүндө, 3 электрондук кайрылуу, коомдук кабылдамага 118 жана 55 ооз эки кайрылуу келип түшкөн.
Келип түшкөн кайрылуулардын мүнөзүнө анализ берсек, эмгек акы, иштен туура эмес бошотуу жөнүндө 4, пенсия, жөлөкпул боюнча 1, жеңилдиктер, материалдык жардам берүү -37, транспорт, байланыш, жол маселелери боюнча 11, кызмат сурап кайрылгандар -2, коммуналдык тейлөө (эл.энергия, жылуулук, таштанды ж.б.) маселелер-10, квартира, турак-жай, курулуш, менчиктештирүү боюнча 14, соода маселелери жана базар, жеке ишкерлер боюнча -3, таза суу маселеси -7, жер маселеси -16, турак-жай салууга жер аянтын бөлүп берүү боюнча -3, табигаттын кырсыгынан жапа чеккендер, ссуда алуу боюнча 14, башка маселелер боюнча 52 арыз даттануу каралган.
Ал эми Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынан -6, Кыргыз Республикасынын Ѳкмөтүнүн аппаратынан -2, Кыргыз Республикасынын Ѳкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынан -37 кайрылуу келип түшкөн.