Нарын шаарына коомдук ишмер, Теӊир Тоонун кулуну Нариман Түлеев заманбап фонтан белек кылды.
Эске салсак, жаз айында Нарын шаарына келгенде Н. Түлеев наркы 1 миллион сомдук, түнкү жарыгы менен музыканын коштоосунда иштей турган заманбап фонтан берүүнү убада кылган эле. Ошол фонтан берилди. Жакынкы күндөрдө шаардын парктарынын бирине коюлмакчы.