Быйыл Нарын шаарында 1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнү жылдагылардан айырмаланып эки сейил бакта белгиленди.
Майрамдын биринчи бɵлүгү «Алма-Бак» эс алуу паркында Нарын шаарынын мэри Б.Жээналиевдин балдарга арналган куттуктоосу менен башталды. Куттуктоодо «Балалык — бул адамдын өмүрүндөгү эң бир ыйык, эстен кеткис көз ирмем. Ар бириңер илгери үмүт байлап, таттуу тилек менен чоңоюп жатасыңар. Бала тилегин Кудай берет, кабыл кылат. Баардык каалоо-тилегиңер ишке ашсын» деген сɵздɵр айтылып, бирок ошол майрам даамын татпай, ата-эне мээриминен четте калган балдар да жок эмес экени ɵкүндүрɵɵрүн билдирди.
Ошондой эле иш чарага Ѳкмɵттүн облустагы ɵкүлүнүн орун басары Ч.Абдраимакунова, шаардык Кеӊештин тɵрагасы Э.Турсуналиев катышышып, майрам ээлерине аруу тилектерин жолдошту.
Балдар үчүн уюштурулган майрамдын жүрүшүндɵ концерттик программа тартууланып, ага активдүү катышкан бала бакчалардын тарбияланычууларына мэрдин атайын белектери тапшырылды. Ал эми «Бекер балмуздак» акциясында шаардык мэрия жана башка демɵɵрчүлɵр тарабынан балдарга 5 миӊден ашуун балмуздактар таратылып, паркка келген балдар арасында асфальтка сүрɵт тартуу сынагы ɵткɵрүлүп, жеӊүүчүлɵр белектерге ээ болушту.
Белгилей кетсек, шаар тургундарына майрамдык маанай тартуулоо максатында, 1-июнь алдында шаардын мерчемдүү жерлерине лозунгдар илинип, аталган паркты ирээтке келтирүү жана тазалоо иштери, жасалгалоо жүргүзүлүп, сахна орнотулду.
Мындан сырткары, «Кадам» реабилитациялык борборунда тарбияланып жаткан 30 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга белектер, балмуздактар берилди.
Ал эми иш чараны уюштуруп ɵткɵрүүгɵ жергиликтүү бюджеттин эсебинен 12 миӊ сом акча каражаты жумшалды.