НАРЫН ШААРЫНДАГЫ БӨБӨКТӨРДҮН МАЙРАМЫ «СМАРТ ПАРКТА» ДА УЮШТУРУЛДУ

Нарын шаарынын борборунда жайгашкан заманбап “Смарт Парк” сейил багы былтыр Ага Хан Ѳнүктүрүү Фонду тарабынан толугу менен реконструкциядан өткөрүлүп, шаар тургундарына, жаштарга,  өспүрүмдөргө жана бөбөктөрдүн эс алуусуна ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.

1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнү, майрамдык иш чара бул паркта да уюштурулуп, балдарга жаркын маанай тартууланды. Облус, шаар башчылары  балдарды  майрамдары  менен куттуктап, аларга кең келечек, бактылуу балалык жана татыктуу тарбия-билим каалашты.

№2 “Чебурашка” жана №18 “Ак Дил” балдар бакчаларынын таланттуу балдары майрам ээлерине концерттик программа тартуулап, ыр-бийлерин аткарышты.

Белгилей кетсек, Борбордук Азия Университети тарабынан иш-чарага катышкан балдар, кыздарга, ошондой эле асфальтка сүрөт тартуу сынагынын катышуучуларына белектер тапшырылып, сейил бакка келген бардык балдарга бекер балмуздактар таратылды.

IMG_8395_result2 IMG_8397_result2 IMG_8398_result2 IMG_8404_result2 IMG_8405_result2 IMG_8408_result2 IMG_8409_result2 IMG_8411_result2 IMG_8412_result2 IMG_8413_result2 IMG_8417_result2 IMG_8421_result2

 

Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий