Мониторинг тобунун түзүлүшү 2010- жылдын 5- марты деп эсептелинет. Аталган датада, Нарын жана Нарын районунун 18 жарандык коомунун ɵкүлдɵрү Кызматташуу жɵнүндɵ меморандумга кол коюп, мамлекеттик жана муниципалдык органдарынын санитария, таза суу менен камсыз кылуу, социалдык жактан коргоо кызматтарынын сапатын биргелешип жогорулатуу боюнча «Демилгелүү Кадам» бей формал тобун түзүшкɵн. «Демилгелүү Кадам» тобу мамлекеттик жана муниципалдык органдары менен биргеликте кɵрсɵтүлүүчү кызматтар боюнча мүдɵɵлɵрүн аныктап, аны чечүү боюнча биргелишкен иш чараларды түзүп, аткарууга алышкан. «Демилгелүү Кадам» тобунун мүчɵлɵрү мониторинг тобун түзүшкɵн.
2011-2013 жыл аралыгында Президентин алдындагы Башкаруу Академиясынын эксперттеринин жардамы менен эки жолу STOPE (Стандарт, Aчык -айкындуулук, Кɵзɵмɵл, Биргелешкен катышуу боюнча Методу, Этикалык рамка) методу менен мониторинг жүргүзүлүп, жыйынтыктары Координациялык Кеӊештин, коомчулук, мамлекеттик жана муниципалдык органдарынын катышуусунда маалыматты берилген.
Ал эми жарандык мониторинг жүргүзүү боюнча «Демилгелүү Кадам» тобунун мүчɵсү болгон «Нарындын Жаш Лидерлери» коомдук бирикмесинин алдында мониторинг тобу түзүлгɵн. Мониторинг тобун түзүлүшү муниципалдык кызматтардын «Нарындын Жаш Лидерлери» КБ тууралуу фейсбукт: Pablik Union Young Leaders of Naryn маалымат алсаӊыз болот.
«Нарындын Жаш Лидерлери» коомдук бирикмесинин алдындагы мониторинг тобу 12 адамдан турат, ага «Нарындын Жаш Лидерлери», «Жаш-Данакер», «СМС», «Коалиция за демократию» волонтерлорунан турат.
Мониторинг тобунун потенциалын жогорулатуу боюнча атайын тренинг, семинарлардан ɵтүп турушат, 2014 жылынын сентябрь айында Баткен облусунун «Инсан Лейлек» КФ мониторинг тобунун ишмердүүлү менен тажрыйба алмашуу болуп ɵттү.Мониторинг тобу санитария, таза суу менен камсыз кылуу, социалдык жактан коргоо боюнча кɵрсɵтүлүүчү кызматтарынын сапатына мониторинг жүргүзүп, жыйынтыктарын Нарын шаардык мэриясынын алдындагы Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын сапатын жогорулатуу боюнча Координициялык Кеӊешке билдирип, сунуштар иштелип чыгат. Мониторингдин жыйынтыгы менен 2010 –жылдан 2014 жылга чейин 10 долбоор аткарууга алынган. Мисалы: Нарын –Алмаз радиосу аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык кызмат кɵрсɵтүүчүлɵр менен түз эфир, санитария жана тазуу суу боюнча маалымат компаниялары, таштандылардын катуу калдыктарын чыгаруу боюнча марштруттук карта түзүү жана башка долбоорлор.
2014-жылдан баштап мониторинг тобу Development Check он лайн нструментин колдонуп баштаган. Жарандар же кызыккан тарап мониторингдин жыйынтыгын интернет сайттан түз кирип биле алат. Сайттын дареги: www.developmentcheck.org Азыркы учурда Нарын шаарындагы «Нарын шаарынын таза суу системасын колдоо жана модернизациялоо» — донор АРИС, «Московский аймагындагы жаратылыш паркынын оӊдоо түздɵɵ боюнча» -жергиликтүү бюджеттен каржыланган долбоорлорун мониторинг жүргүзүп, келип чыккан мүдɵɵлɵрдү чечүү боюнча КК сунушталган, жана жарандык кɵзɵмɵлүнɵ алынган.
«Мониторинг тобу ыктыярдуу, коомдук башталышта иш алып барышат. Азыркы учурда мониторинг тобуна жарандык коомдун ɵкүлдɵрүн кɵбɵйтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдɵ Эгерде Сиз жарандык мониторнг тобуна кошулам десеӊиз, биздин эшик дайыма ачык» дейт мониториг тобунун жетекчиси Мадиев Улан .
Электрондук дареги: ulan.madiev@mail.ru
Нарын шаары, Жаштар үйүнүн биринчи кабаты.
Тел.: 0700403083