Нарын шаарындагы орто мектептеринин алтымыш окуучусуна мэрдин стипендиясы ыйгарылды

 

IMG_3954IMG_3958 IMG_3960 IMG_3955

Бүгүн 24-майда, шаарыбыздын бардык орто мектептеринде «Акыркы коӊкуроо» салтанаты белгиленди. Бул күнү  мэр Б.Жээналиев М.Сыдыков атындагы №7 орто мектептин, мектеп менен коштошуу аземине катышты. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

Иш чаранын жүрүшүндɵ мэр окуу жылдын ийгиликтүү аякташы менен куттуктап,  бүтүрүүчүлɵргɵ ак жол каалады. Ошондой эле окуудагы мыкты жетишкендиктери үчүн мектептин он окуучусу, ар бири,  бир миӊ сом ɵлчɵмүндɵ, мэрдин стипендиясы менен сыйланышты.

IMG_3977 IMG_3980 IMG_3982 IMG_3986

Мындан сырткары, салтанатта мектеп директору үстүбүздɵгү окуу жылдын ичинде мектептин жетишкен ийгиликтерине  кенен токтолуп, окуучулардын ар кандай сынактарга барып келүүсүнɵ материалдык жардам кɵрсɵтүп жаткан  Нарын шаарынын мэрине ыраазычылык билдирди.

«Акыркы коӊгуроо» аземи окуучулардын ыр, бийлери менен коштолуп, мектепти 20 жыл мурун бүткɵн бүтүрүүчүлɵрдүн куттуктоолору менен улантылды.

Белгилей кетсек, Нарын шаарында быйылкы окуу жылында жалпы орто билим берүүчү мектептерде 11-классты аяктап жаткан окуучулардын саны-376, ал эми 9-классты 618 окуучу аяктоодо. Окуу жылдын жыйынтыгы менен 60 окуучу мэрдин стипендиясына татыктуу болушса, олимпиадада окуучулары алдыӊкы орундарды камсыз кылган 5 мугалимге акчалай сыйлыктар тапшырылды.

IMG_4000 IMG_3973

Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий