Нарын шаарынын борбордук көчөсүндөгү айрым светофорлор жаңыртылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.
Нарын шаардык “Таза-Нарын” ишканасынын маалыматына ылайык, Ленин – Мамбеталы уулу Т. жана Ленин-Токтосунов көчөлөрүнүн кесилишиндеги светофорлор алынып, ордуна жаңы заманбап светофорлор орнотулду.
Светофорлор жергиликтүү бюджеттин эсебинен 780 миң сом акча каражатына алынды.