Бүгүн, 13-майда Нарын шаарындагы №15 “Бактылуу балалык” балдар бакчасынын 30 жылдык мааракеси белгиленди. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.
Салтанаттуу иш чара Жаштар Ордосунда өтүп ага Нарын шаарынын мэри Э.Алымкулов, шаардык Кеңештин төрагасы Ж.Ботоканов, шаардын депутаттары, билим берүү мекемелеринин жетекчилери, кызматкерлери, ата-энелер жана шаар тургундары катышышты.
Иш чара бала бакчанын 30 жылдык тарыхын чагылдырган тасма менен башталып, андан соң майрамга келген шаар жетекчилеринин куттуктоосу жолдонду.
Анда шаар мэри мааракесин белгилеп жаткан балдар бакчасынын жетишкендиктерине жана долбоорлор, инвесторлор менен мыкты иш алып барып, жайлоо шартындагы балдар бакчаларын жайылтууда тажрыйбасын белгилеп, мындан аркы тарбия – билим берүүдө албан ийгиликтерди каалады.
Ошондой эле майрамдын жүрүшүндө Нарын шаардык мэриясынан 10 миң сом жана Нарын шаардык Кеңешинин атынан 10 миң сом акчалай белектер тапшырылды.
Мааракени белгилөө концерттик номерлер, куурчак театры, жүн, квилинг, шуру менен иштөө боюнча мастер класстар, улуттук тамак-аштын жарманкеси жана тушоо кесүү салтын көрсөтүү менен коштолду.