Аталган балдар бакчасында 30 жылдан ашык эмгек сиӊирип, бакчаны кɵп жылдан бери жетектеп келген Жанымгүл Бейшебаева жаӊы жылдын алгачкы күндɵрү менен ардактуу эс алууга чыкты. Анын ордуна 12 жылдан бери Нарын шаардык мэриясында эмгектенип келген Айзат Мурзаканова бекитилип, жаӊы дем менен иштей баштады.
Бүгүн, 18-январда ɵткɵрүлгɵн шаардык билим берүү тармагынын отчеттук жыйынында Нарын шаарынын жетекчилиги жана шаардык билим берүү бɵлүмү тарабынан Жанымгүл Бейшебаевага тереӊ ыраазылык билдирилип, ардактуу эс алууга салтанаттуу кырдаалда узатуу озуйпасы ишке ашты.
Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов: «Жанымгүл эженин эмгегин билим берүү тармагы гана эмес жалпы Нарын эли жогору баалайт. Себеби, эжебиз 43 жылдык эмгек жолунун 30 жылдан ашыгын ушул бала бакчага арнап, бакчаны биз сыймыктанган мыкты мекемеге айландырып берди. Ар бир нерсенин башталышы жана бүтɵɵр мезгили болот эмеспи. Кɵп жыл иштеп, ушунча кадыр-барк күтүп, анан ардактуу эс алууга ɵз ыктыярыӊыз менен кетип атканыӊыз да Нарын шаарындагы башка жетекчилер үчүн үлгү болушу керек. Себеби дɵɵлɵттүү куракка келип, жакшы маанай менен эс алууга чыгуу ар бир адамдын тилеги»,-деп белгилɵɵ менен Жанымгүл Бейшебаевага бекем ден соолук, узун ɵмүр каалап, шаардык мэриянын белегин тапшырды.
Нарын шаардык билим берүү тармагынын кызматкерлери да да эс алууга узап жаткан кесиптешине жакшы тилектерин жолдоп, белектерин ыйгарып, жаӊы жетекчиге ийгилик каалашты.
Назгүл Мүсүралиева, Нарын шаардык мэриясынын пресс-катчысы.