Нарын шаарындагы орто мектептерде 2016-2017-окуу жылындагы “Акыркы коңгуроо”аземине байланышкан жана башка иш-чаралар өтүп жаткан мезгилдерде ар кандай тартип бузуучулукка жол бербөө жана көзөмөлдүктү күчөтүү максатында, шаар мэри Э.Алымкуловдун буйругу менен 9 адамдан турган шаардык штаб түзүлдү.
Штабдын төрайымы болуп Нарын шаарынын вице-мэри С.Эенаманова дайындалып, анын курамы шаардык билим берүү бөлүмүнүн, үй-бүлөлүк медицина борборунун, социалдык өнүгүү башкармалыгынын, ички иштер бөлүмүнүн өкүлдөрүнөн жана мэриянын адистеринен түзүлдү.
Штаб мүчөлөрү учурдагы кырдаал жана жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча Нарын шаардык мэриясына маалымат берип турушмакчы.
Бүгүн, 25-майда кечки 19-00 дан түнкү 24-00 гө чейин штаб мүчөлөрү топторго бөлүнүп алып, шаар ичиндеги коомдук тартипти сактоо, жаш өспүрүмдөрдүн кылмыштуулугун алдын алуу максатында рейд жүргүзүшөт.