НАРЫН ШААРЫНДА АК КАЛПАК КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ.

Бүгүн 5-мартта Нарын шаарында Ак калпак күнүнɵ арналган салтанаттуу иш чара ɵткɵрүлдү. 

Борбордук аянт ак калпак кийип, Туу кɵтɵргɵн нарындык жигиттер менен кɵркүнɵ чыгып, майрам шаӊы сезилип турду.

Майрамдык иш чараны ачкан Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов жалпы нарындыктарды Ак калпак күнү менен куттуктап, кыргыздын улуттук кɵркɵм дɵɵлɵттɵрүнүн бири болгон  касиеттүү баш кийимибиздин тарыхына, маани-маӊызына токтолуп, аны бийик аздектеп, кийинки муундарга татыктуу ɵткɵрүп берүүгɵ чакырды.

Салтанаттуу иш чарага катышкан Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева бул күн мындан ары улуттук кийимдердин күнү катары да белгиленээрин айтып, сыймыгыбыз болгон ак калпакчан кыргыз жигиттери кыргыз туусун дүйнɵ жүзүндɵ желбирете берүүсүн тилек кылды.

Салтанаттуу иш чара Ж. Шералиев атындагы балдар искусство мектебинде улантылды. Мектептин залына улуттук кийимдер, буюм-тайымдар коюлган кɵргɵзмɵ уюштурулуп, концерттик программа тартууланды.

Кɵрүүчүлɵргɵ шаардагы белгилүү кол ɵнɵрчү Бурулкан Тɵлɵгɵнова кыргыз калпагынын жасалышы, жаш курагына жараша кийилиши тууралуу мастер класс ɵткɵрдү. Ошондой эле Нарын облустук К. Мамбеталиева атындагы тарыхый этнографиялык музейинин жана жана №87-М. Мырзабеков атындагы кесиптик лицейдин кызматкерлери тарабынан кыргыз элечеги тууралуу маалымат берилип, улуттук саркеч кийимдердин кɵргɵзмɵсү сахнага алынып чыкты.

Майрам шаӊын шаардагы №4-«Наристе-Нур» балдар бакчасынын кичинекей тарбиялануучуларынын, Ж. Шералиев атындагы искусство мектебинин окуучуларынын, шаардык маданият үйүнүн кызматкерлеринин патироттук ыр-күүлɵрү кɵркүнɵ чыгарды. Айрыкча Нарын шаарындагы памирлик боордошторубуздун шаар гимнин ырдаганы кɵпчүлүктүн бүйүрүн кызытып, мекенчил сезимдерин ойготту.

IMG_7555 IMG_7558 IMG_7564 IMG_7571 IMG_7573 IMG_7576 IMG_7584 IMG_7589 IMG_7592 IMG_7608 IMG_7615 IMG_7626 IMG_7636

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Нарын шаардык мэриясынын пресс-кызматы.

 

 

 

Share

Добавить комментарий