Бүгүн, 27-мартта Нарын шаарында облустун борборун тазалоо, санитардык жана экологиялык абалын жакшыртуу, кɵрктɵндүрүү боюнча мэрия тарабынан жарыяланган эки айлыктын алкагында ушул жылдын алгачкы ишембилиги ɵтүүдɵ. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева билдирет.
Ишембиликке мекеме, ишканалардын кызматкерлери менен шаар тургундары катышууда.
Бүгүнкү ишембиликтин максаты таштандыларды чыгарып, арыктарды тазалоо, шаар аймагында таштандыларды тазалоону уюштуруу аркылуу шаардыктардын көңүлүн, шаарды таза сактоо маданиятын жогорулатууга буруу болуп эсептелет.
Мындай демилге ар тараптан колдоого алынып, шаар тургундары ɵз короо-жайларын, жашаган жеринин айланасын тазаласа, мекеме-ишканалардын кызматкерлери эки айлыктын алкагында бекитилген тилкелерди тазалоого чыгып, эс алуу бакчаларын, кɵчɵлɵрдү ирээтке келтирүүдɵ.