Нарын шаарында Афган согушунун катышуучуларына арналган салтанаттуу митинг болуп өттү

Бүгүн, 15-февралда Афган жергесинен Советтик жоокерлердин чыгарылгандыгынын  28 жылдыгы жана бул коогалаңда курман болгондорду эскерүү митинги Нарын шаарындагы  Ж.Акималиев атындагы паркында  белгиленди.

Эскерүү митингине облус башчсы А.Кайыпов, шаар мэри Э.Алымкулов, шаардык Кеңештин төрагасы Ж.Ботоканов, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Т.Жанбоев, афган согушунун ардагерлери, аскер кызматчылары, мекеме, ишканалардын кызматкерлери жана шаар тургундары катышышты.

Эскерүү митингин шаар мэри Э.Алымкулов ачып, Афган ардагерлеринин интернационалдык милдетти аткаруудагы эрдиктери жана басып ɵткɵн жолдору  тарыхта, ɵсүп келе жаткан муунга эч бир кайталангыс үлгү катары кала берерин белгилеп, арасы абдан эле суюлуп калган Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлеринин ордун Афган согушунун ардагерлери басып, жаш муундарды патриоттуулукка тарбиялоодо биз үчүн зор күч болосуздар деген тилектештигин билдирип өттү.

Митингдин жүрүшүндɵ курман болгон жоокерлерге куран окулуп, гүл чамбарлар коюлду. Афган согушунда көрсөткөн жана коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн айрым ардагерлер облус, шаар жана район жетекчилиги тарабынан Ардак грамоталар менен сыйланышты. Нарын шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын  каттоосунда турган Афган согушунун 3 майыбына жана  40 катышуучусуна ар бирине 1000 (бир миң) сомдон, 1 курман болгон жоокердин үй-бүлөсүнө 3000 (үч миң) сомдон, бардыгы 44 адамга жалпысы 46 миң сом жергиликтүү бюджеттин социалдык жеңилдикке каралган акча каражатынын эсебинен материалдык жардам көрсөтүлдү.

Белгилей кетсек, биздин чакан шаарыбыздан эле согушка кеткен 90 дон ашык боордошторубуздун ичинен экɵɵ Афган жеринде курман болушуп, тогузу ɵз жерине келгенден кийин каза болушкан.

IMG_3622 IMG_3623 IMG_3625 IMG_3627 IMG_3631 IMG_3632 IMG_3634 IMG_3642 IMG_3643 IMG_3644 IMG_3647 IMG_3648 IMG_3653 IMG_3655 IMG_3658 IMG_3659 IMG_3661 IMG_3666 IMG_3670 IMG_3675 IMG_3680

Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий