Бүгүн, 26-октябрда Нарын шаарынын Ж.Акималиев эс алуу паркында Баткен окуясынын 17 жылдыгына арналган митинг реквием болуп ɵттү. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.
Алгач Баткен окуясында курман болгон жоокерлердин элесине гүл чамбарлар коюлуп, алардын арбактарына куран окулуп, бир мүнөттүк эскерүү болду.
Митингди Нарын шаарынын мэри Э.Алымкулов ачып, Баткен окуясында курман болгон жоокерлердин туугандарына көңүл айтып, баатырларды сыймыктануу менен эскерип, алардын эрдигине таазим кылаарын белгиледи.
Ошондой эле салтанаттуу иш чаранын жүрүшүндɵ Баткен согушунун катышуучуларынын айрымдарына, коомдук иштерге жигердүү катышкандыгы үчүн Нарын шаардык мэриясынын Ардак грамоталары тапшырылды.
Такталган маалыматтар боюнча, баскынчылардын басып кирүүсүн токтотуу максатында, республиканын башка региондорунун катарында Нарын шаарынан 2025-аскер бөлүгүнүн 28 аскери, аскер комиссариатында каттоодо тургандар, запастагы офицерлер жана ыктыярдуу топтордон 110 дон ашык эр азамат Баткенге жөнөтүлгөн. Алардын ичинде биздин жердештерибиз Заярко Руслан Николаевич менен Муканбет уулу Улан баатырларча курман болушкан.
Белгилей кетсек, бул күнгɵ карата жергиликтүү бюджеттин эсебинен 93 миӊ сом акча каражаты бɵлүнүнүп, каза болгон баатырлардын үй-бүлɵсүнɵ 3 миӊ сомдон, катышуучуларына 1 миӊ сомдон жɵлɵкпул берилди.