Нарын шаарында Баткен окуясына арналган иш чара болуп ɵттү

Бүгүн, 24-октябрда Нарын шаарынын Жеңиш эс алуу паркында Баткен коогалаңынын 15 жылдыгына арналган митинг реквием болуп ɵттү.

Алгач Баткен окуясында курман болгон жоокерлердин элесине гүл чамбарлар коюлуп, алардын арбактарына куран окулуп, бир мүнөттүк эскерүү болду.

Митингди Нарын шаарынын мэри Р.Адиев ачып,  Баткен окуясында курман болгон жоокерлердин туугандарына көңүл айтып, баатырларды сыймыктануу менен эскерип, алардын эрдигине таазим кылаарын белгиледи.

1 2 3 4

Ошондой эле салтанаттуу иш чаранын жүрүшүндɵ Баткен согушунун катышуучуларынын айрымдарына, коомдук иштерге жигердүү катышкандыгы үчүн Нарын шаардык мэриясынын Ардак грамоталары тапшырылды.

Такталаган маалыматтар боюнча, баскынчылардын басып кирүүсүн токтотуу максатында, республиканын башка региондорунун катарында Нарын шаарынан 2025-аскер бөлүгүнүн 28 аскери, аскер комиссариатында каттоодо тургандар, запастагы офицерлер жана ыктыярдуу топтордон 99 эр азамат Баткенге жөнөтүлгөн. Алардын ичинде биздин жердештерибиз Заярко Руслан Николаевич менен Муканбет уулу Улан баатырларча курман болушкан.

Белгилей кетсек, бул күнгɵ карата жергиликтүү бюджеттин эсебинен каза болгон баатырлардын үй-бүлɵсүнɵ 3 миӊ сомдон, катышуучуларына 1 миӊ сомдон жɵлɵкпул берилди.

 

Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий