2017-жылдын 16-январында Сокулук районунун Дача-СУ айылына учактын кулашынан улам жабыркагандарга Нарын шаарында гуманитардык жардам чогултуучу эки пункт ачылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.
Төмөндөгү даректерде жайгашкан пунктар аркылуу Нарын шаарынын тургундары азык-түлүк, кийим-кече жана башка керектүү нерселерден жардам бере алышат:
- Нарын шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгы, Чаначев 27, 56203, 52103, 52104;
- КР Ѳзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облусундагы башкармалыгы, М.Таранчы 19, 53307, 50987.