НАРЫН ШААРЫНДА ЖОЛ КЫЙМЫЛЫН ЖӨНГӨ САЛУУ АРАКЕТТЕРИ УЛАНТЫЛУУДА

Нарын шаарындагы жол кыймылын жɵнгɵ салуу максатында М. Рыскулов атындагы Нарын музыкалуу академиялык драма театрынын тушуна темир тосмолор коюлду.

Бул аракет жɵɵ адамдардын жолду каалаган жерден кесип өтүп авариялык абал жараткан баш аламан кыймылын жɵнгɵ салып, жол чырактан ɵтүүсүн шарттады.

Темир тосмолорду коюу үчүн жергиликтүү бюджеттен 253 миӊ сом каражат жумшалып, курулуш ишин “Элтехстрой” ишканасы жүргүздү.

Белгилей кетсек, базардын айланасындагы жол кыймылын ирээтке келтирүү максатында Нарын шаардык мэриясы тарабынан жыл башында бир катар иш мерчемдери түзүлүп, четинен жүзөгө аша баштады.

Алсак, буга чейин В. И. Ленин кɵчɵсү менен Шуллер кɵчɵсүнүн кесилишине бир комплект жол чырагы коюлуп, базардын айланасына 26 даана жол белгиси жол чийиндери менен орнотулган.

Жакында Т. Сатылганов атындагы орто мектептин алдына тротуар салынып, С. Орозбаков көчөсүнө жол чырагы коюлмакчы.

Share

Добавить комментарий