Бүгүн, 5-майда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынган күнүнүн 25 жылдыгына карата Нарын шаарындагы борбордук аянтта Юстиция башкармалыгынын жана шаардагы билим берүү, маданият мекемелеринин аракети менен уюштурулган салтанаттуу майрамдык иш чара ɵткɵрүлдү.
Ѳлкɵбүздүн Баш мыйзамын даӊазалоо максатында уюштурулуп, калкты мыйзамдарды сыйлоого, мыйзам менен жашоого үндɵгɵн бул иш чарага коомчулуктун ɵкүлдɵрү, студенттер, мектеп окуучулары катышты.
Майрамдык иш чарада Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева, Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов, Нарын облустук Юстиция башкармалыгынын башчысы Медер Сламкулов куттуктап, Конституциябыздын тарыхы, бул күндүн маанилүү орду тууралуу билдиришти. Ошондой эле коомчулукту, айрыкча жаш муундарды мыйзамдарды сыйлап, мыйзамдар менен жашоого үндɵштү.
Майрамдык салтанат маданият кызматкерлеринин жана студенттердин, окуучулардын концерттик программасы, флеш моб, ыр-бийлери менен кɵркүнɵ чыкты.
Нарын облустук С. Орозбаков атындагы китепкананын кызматкерлери борбордук аянтка Конституциянын Советтер Союзунан берки бардык үлгүлɵрүнүн кɵргɵзмɵсүн уюштуруп, ар бир кабыл алынган Конституциянын тарыхы тууралуу коомчулукка кеӊири маалымат беришти.
Ошондой эле борбордук аянттан мектеп окуучулары тарткан Конституция жɵнүндɵгү сүрɵттɵрдүн кɵргɵзмɵсү орун алды.
Белгилей кетсек, 5-май Кыргыз Республикасынын Конституция күнүнɵ карата Юстиция башкармалыгы тарабынан мектеп окуучулары арасында сүрɵттɵрдүн сынагы жарыяланып, кечээ сынак жыйынтыкталган. Жакынкы күндɵрдɵ жеӊүүчүлɵргɵ сыйлыктар тапшырылмакчы.