Нарын шаарында Кыргыз милициясынын 90 жылдыгы белгиленди

Бүгүн, 1-ноябрда Милиция кызматкерлеринин күнү жана Кыргыз  милициясынын  түзүлгөндүгүнүн  90 жылдыгы белгиленди.

Иш чара ɵлкөбүз менен бирге ички иштер органдары ар түрдүү сыноолорду баштан кечирген тарыхты жана бүгүнкүсүн чагылдырган видеотасма менен башталды.

Иш чарага Өкмөттүн Нарын облусунун өкүлү А.Кайыпов, шаар мэри Р.Адиев, шаардык Кеӊештин тɵрагасы Э.Турсуналиев, райондун акми Т.Жанбоев, ички иштер органдырынын кызматкерлери, ардагерлери жана башка чакырылгандар катышышты.

Шаар мэри Р.Адиев, милиция кызматкерлерин майрамы менен куттуктап, ар дайым элибизде милиция бизди коргойт жана адилеттүүлүк орнойт деген ишеним жашап келген жана жашай берет, деген пикирин билдирүү менен, айрым ички иштер кызматкерлерге Ардак грамоталарды тапшырды.

 

Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий