Нарын шаарында “Көжө күнү” белгиленди

IMG_2341Нарын облустук С.Орозбаков атындагы китепкананын  короосунда  бүгүн, 18-мартта Нооруз майрамына карата көжө бышырылып “Көжө күнү” белгиленди. Аталган иш-чара келечек муунга кыргыздын каада-салтын таанытуу максатында жана Нооруз майрамына карата уюштурулган.

Куурма чай, нан азыктарынын түрү жана улуттук тамак-аштар жасалып, дасторкон жайылды. Кыргыз элинин улуттук символу боз үйдүн жанында улуттук оюндар ойнолуп, конокторго көжөнүн келип чыгуу тарыхы тууралуу маалыматтар берилди.

«Жаз мезгили келгенде ачарчылык болуп, айылдарда элдер көчө-көчө болуп бөлүнүп, ушул тамакты бышырып ичишчү экен. Көчө-көчө деп жүрүп, бара-бара көжө деп айтылып калган. Мурун арпа, буудайды кууруп, сууга бышырып, айран кошуп ичишчү. Азыр көжөнүн түрү көбөйүп, ага кошкон кошулмалардын да курамы өзгөрүп кетти. Көжө 7-8 саатта бышат. Ал бышкыча аралаштырып туруу керек. Аралаштырып жатканда айтылган каалоо-тилектер кабыл болот», — деди көжө жөнүндө маалымат берген С.Орозбаков атындагы Нарын облустук китепканасынын Манас бөлүмүнүн башчысы.

Майрамдык салтанатка Ѳкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, орун басарлары, шаар мэри Р.Адиев, вице-мэр С.Эсенаманова, Нарын районунун акими Т.Жанбоев, шаардагы башка улуттун өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.

Нарын шаардык жана райондук маданият бөлүмүндөрүнүн кызматкерлери Нооруз жөнүндө ырларды аткарып, майрам өзгөчө шаңга бөлөндү.


IMG_2326
IMG_2320 IMG_2315 IMG_2309IMG_2288
IMG_2291
IMG_2294 IMG_2296 IMG_2305

Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий