НАРЫН ШААРЫНДА МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КҮНҮНӨ КАРАТА ИШ ЧАРА БОЛУП ӨТТҮ

Бүгүн, 22-сентябрда КР  мамлекеттик тил күнү шаардык деӊгээлде Нарын шаарындагы Ж.Шералиев атындагы искусство мектебинде белгиленди. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

Мамлекеттик майрамга арналган иш чара кылымдар бою сакталып келген кыргыз тилин жаш муундарга үйрɵтүү менен кыргыз тилинин улуулугун, тарыхын, бийиктигин даӊазалоо максатын чагылдырды.

Иш чаранын алкагында окуучулар тарабынан кɵркɵм окуулар окулуп, улуттук сармерден кыз-жигиттер айтышы болуп ɵттү.

Нарын шаарынын вице-мэри С.Эсенаманова, катышуучуларды мамлекеттик майрам менен куттуктап, эне тилибиз эне сүтүбүздɵй таза, ширин болушуна, ɵсүп-ɵнүгүшүнɵ, биздин ар бирибиздин биринчи улуттук белгибиз катары кɵɵнɵрбɵй кɵкɵлɵп, кылымдарды бойлой беришине, улуттук байлыгыбыздын келечеги кең болушуна тилектештигин билдирди.

Тил күнүнө арналган иш чарага КРѲ облустагы өкүлүнүн орун басары Ж.Ибраева да катышып, кыргыз эли мамлекеттик тили аркылуу улут катары, мамлекет катары таанылып келе жатканын белгилеп, катышуучуларды майрамдары менен куттуктап өттү.

Белгилей кетсек, бүгүн тил күнүнɵ карата иш-чаралар шаарыбыздагы бала бакчалардан тартып, мектептерде, орто жана жогорку окуу жайларында, мамлекеттик мекемелерде да өткөрүлүүдɵ.

IMG_2258 IMG_2253 IMG_2250 IMG_2246 IMG_2240 IMG_2209 IMG_2213 IMG_2217 IMG_2221 IMG_2225 IMG_2208 IMG_2202 IMG_2198 IMG_2189 IMG_2174 IMG_2168 IMG_2172

 

FacebookTwitterVKOdnoklassnikiWhatsAppДостор менен бөлүшүү

Добавить комментарий