Нарын шаарында Мамлекеттик туу жана Ак калпак күндɵрү белгиленди

Бүгүн, 3-мартта Нарын шаарында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туу күнү жана 5-март Ак калпак күнү салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

Алгач ак калпак кийип, кыргыз туусун желбиретип, «Жашасын Кыргызстан!» деген чакырык менен жаштардын, студенттердин, мектеп окуучулардын тобу борбордук аянтка чейин жөө жүрүш жасашты.

Майрам Жаштар Ордосунда улантылып, салтанатты шаар мэри Э.Алымкулов ачып, кыргыз эли эгемендүү Кыргызстандын желегин көтөрүп, туунун астында ак калпагын кийип, ар дайым биримдикте, татыктуу мамлекеттин татыктуу атуулдары болуп жүрɵ беришине тилектештигин билдирип, бир күндɵ белгиленип жаткан кош майрам менен шаар тургундарын куттуктады. Жана илгертен ата — бабаларыбыз аздектеп кийип келген баш кийимибиз — калпакты бүгүнкү күндө «Ак калпак» күнүндө гана кийип көчөгө чыкпастан, ар дайым башынан түшүрбөй кийип жүрүшсө, сырттан келген конокторго дагы жагымдуу сезимдер жаралаар эле, деп мэр белгиледи ɵз сɵзүндɵ.

Ал эми эки маанилүү датага карата уюштурулган иш чара шаардык маданият бɵлүмүнүн жана мектеп окуучулары тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.

IMG_4015 IMG_4017

IMG_4026

IMG_4031 IMG_4033 IMG_4038 IMG_4047 IMG_4055 IMG_4062 IMG_4075 IMG_4102 IMG_4124

 

Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий