НАРЫН ШААРЫНДА МАМЛЕКЕТТИК ТУУ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ.

НАРЫН ШААРЫНДА МАМЛЕКЕТТИК ТУУ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ.

Бүгүн таӊ эрте Нарын шаарынын борбордук аянтында Мамлекеттик Туу күнүнɵ арналган салтанаттуу митинг ɵткɵрүлүп, Гимндин коштоосунда Кыргыз Республикасынын Туусу кɵтɵрүлдү.

Шаардын коомчулугу, облустук, шаардык, райондук мекеме-ишканалардын жамааттары катышкан майрамдык иш чараны Нарын шаарынын вице-мэри Салтанат Эсенаманова ачып, мындан соӊ Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлү Аманбай Кайыпов, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Семетей Черикбаев, Нарын облустук Ардагерлер Кеӊешинин тɵрагасы Токтобек Керимбаев, Баткен окуясынын ардагери Эркинбек Шамуратов, Нарын шаарындагы С. Бекмамбетов атындагы спорт мектебинин окуучусу, Эркин күрɵш боюнча эл аралык мелдештердин жеӊүүчүсү Элнур Казиева жана башкалар сɵз сүйлɵп Мамлекеттик Туубуздун тарыхына жана маанисине токтолуп ɵтүштү.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусу 1992-жылы 3-мартта Жогорку Кеӊеш тарабынан кабыл алынса, ɵлкɵ жарандарын мекенчилдикке тарбиялоо, мамлекеттик символдорго урмат менен мамиле кылуу максатында Президенттин Жарлыгы менен 2009-жылдын 10-июнунан бери майрам катары белгиленип келүүдɵ.

«Манас» эпосундагы «Ак асаба кызыл туу, Айгайлаган ызы-чуу, Кɵк асаба кызыл туу, Кɵк жаӊырган улуу чуу»,-деген саптар кыргыз элинде байыртан эле мамлекеттик символдор бар экендигин далилдейт.

Байыркы жоокердик замандан бери кыргыз эли кɵк асабалуу кызыл туунун алдында бириккенин тарыхчылар да тастыктап келишет.

Туубуздун кызыл түсү эрдиктин, тайманбастыктын символу болсо, жаркыраган алтын күн бейкуттукту жана байлыкты чагылдырат. Ал эми түндүк-үй кутунун, бир айлампага бириктирилген кырк нур-байыркы кырк уруу кыргыз элинин бирдиктүү Кыргызстанга бириккендигинин белгиси экенин ар бирибиз биле жүрүүбүз керек.

Кыргыз Туусунун авторлору: Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров жана Жусуп Матаев.

Share

Добавить комментарий