НАРЫН ШААРЫНДА МАМЛЕКЕТТИК ТУУ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Бүгүн Нарын шаарында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусунун күнүнɵ арналган салтанаттуу иш чара ɵткɵрүлдү.

Таӊ эрте шаардын борбордук аянтында мамлекетибиздин Туусу желбиреп, патриоттук ырлар  жаӊырып, веб-экранда видео-роликтер кɵрсɵтүлүп, майрам шаӊы шаар элин ɵзүнɵ тартып турду.

Майрамдык салтанат Борбордук аянттын күн чыгыш тарабынан шаардагы орто мектептердин окуучуларынын, студенттердин, аскер кызматкерлеринин, ал эми күн батыш тарабынан райондук мекемелердин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусун кɵтɵргɵн жɵɵ жүрүшү менен башталды.

Нарын шаарындагы №8-А. Буйлаш уулу атындагы орто мектептин окуучулары узундугу 5, туурасы 2,5 метрлик Тууну даярдап, кɵтɵрүп чыгышты.

Иш чарада Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлү Аманбай Кайыпов, Нарын шаарынын биринчи вице-мэри Нурбек Молдокадыров, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Семетей Черикбаев куттуктоо сɵзүн сүйлɵп,  мамлекеттин негизги символдорунун бири болгон Мамлекеттик Туубуздун тарыхына, маанисине кыскача токтолуу менен Туубуз жакшылыктарда гана кɵтɵрүлүп туруусун, Кыргызстандын желегин дүйнɵ жүзүнɵ жебиреткен уул-кыздар кɵп болуусун тилек кылышты.

Мындан кийин Казакстан Республикасында ɵткɵрүлгɵн эркин күрɵш боюнча эл аралык турнирде 1-орунду камсыз кылып, Кыргыз Туусун желбиреткен С. Бекмамбетов атындагы орто мектебинин окуучусу Жаркынай Нурлан кызы, 18 мамлекеттин катышуусу менен Казакстанда ɵткɵн «Жолдо жүрүүчүлɵрдүн жаш инспекторлору» эл аралык мелдешинде 3-орунду камсыздаган №7-М. Сыдыков атындагы орто мектептин жаш инспекторлору мамлекетибиздин Туусун башка ɵлкɵдɵ желбиреткендеги кубанычтуу сезимдери менен бɵлүшүштү.

Майрам шаӊы Ж. Шералиев атындагы балдар искусство мектебинин окуучуларынын жана шаардык маданият үйүнүн кызматкерлеринин концерттик программасы менен коштолду.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусу 1992-жылы 3-мартта Жогорку Кеӊеш тарабынан кабыл алынса,  ɵлкɵ жарандарын мекенчилдикке тарбиялоо, мамлекеттик символдорго урмат менен мамиле кылуу максатында Президенттин Жарлыгы менен 2009-жылдын 10-июнунан бери майрам катары белгиленип келүүдɵ.

«Манас» эпосундагы «Ак асаба кызыл туу, Айгайлаган ызы-чуу, Кɵк асаба кызыл туу, Кɵк жаӊырган улуу чуу»,-деген саптар кыргыз элинде байыртан эле мамлекеттик символдор бар экендигин далилдейт.

Байыркы жоокердик замандан бери кыргыз эли кɵк асабалуу кызыл туунун алдында бириккенин тарыхчылар да тастыктап келишет.

Туубуздун кызыл түсү эрдиктин, тайманбастыктын символу болсо, жаркыраган алтын күн бейкуттукту жана байлыкты чагылдырат. Ал эми түндүк-үй кутунун, бир айлампага бириктирилген кырк нур-байыркы кырк уруу кыргыз элинин бирдиктүү Кыргызстанга бириккендигинин белгиси экенин ар бирибиз биле жүрүүбүз парз.

IMG_7469 IMG_7474 IMG_7478 IMG_7479 IMG_7480 IMG_7487 IMG_7489 IMG_7491 IMG_7494 IMG_7496 IMG_7498 IMG_7508 IMG_7517 IMG_7522 IMG_7526 IMG_7529

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Нарын шаардык мэриясынын пресс-кызматы.

 

 

 

 

Share

Добавить комментарий