Нооруз майрамынын кечки бөлүгү саат 19-00 дан баштап улантылды. Анда жаштар тарабынан даярдалган чакан программадагы концерт тартууланды. “Тамашоучу” балдардын тобу тамашалары менен аянтка келгендердин маанайын көтөрүп, ырдап да, бийлеп да беришти.
Ошондой эле “Билайн” компаниясы тарабынан кызыктуу оюндар уюштурулуп, атайын белектер тапшырылды.