НАРЫН ШААРЫНДА НООРУЗ МАЙРАМЫ САЛТАНАТТУУ БЕЛГИЛЕНДИ.

Бүгүн Нарын шаарында Нооруз майрамы чоӊ салтанат менен белгиленди.

Таӊ эрте борбордук аянтта жасалгаланган сахнада шаӊдуу музыка жаӊырып, шаар тургундарын майрам шаӊы ɵзүнɵ тартып турду.

Майрамдык иш чараны ачкан Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов жергебизге жакшылыктын, жаӊылануунун жышаанын алып келген Улуу Нооруз майрамы менен куттуктап, бул майрам эмгектин, биримдиктин, ынтымактын, жакшы тилектердин майрамы экенине токтолуп, эл-жерибизде тынчтык, молчулук, токчулук болуусун тилек кылды.

Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш чарада Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлү Аманбай Кайыпов жалпы теӊиртоолуктарды куттуктап, Нооруз майрамынын маани-маӊызын чечмелɵɵ менен алдыдагы биргелешип жасалуучу иш багыттарына токтолуп ɵттү.

Майрамдык иш чарага катышкан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин тɵрагасы Дастанбек Жумабеков, Жогорку  Кеӊештин депутаттары: Камчыбек Жолдошбаев, Алмасбек  Акматов жана Алмазбек Баатырбеков жалпы теӊиртоолуктарга куттук арнап, жакшы тилектерин жолдошту.

Аянттагы майрамдык салтанат маданият кызматкерлеринин театралдаштырылган оюн-зоок программасы менен коштолду.

Борбордогу аянтка келген эл мекеме-ишканалар тарабынан даярдалган сүмɵлɵк, кɵжɵ, палоо сыяктуу улуттук тамак-аштардан даам татышты.

Ошондой эле улуттук тамак-аштардын жана буюм-тайымдардын кароо-сынагы, улуттук оюндар боюнча мелдештер ɵткɵрүлдү.

IMG_8244_result

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

IMG_8244_result IMG_8260_result IMG_8278_result IMG_8254_result IMG_8238_result IMG_8236_result IMG_8228_result IMG_8232_result IMG_8234_result

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

IMG_8232_result IMG_8228_result IMG_8278_result IMG_8254_result IMG_8238_result IMG_8236_result IMG_8281_result IMG_8260_result IMG_8244_result IMG_8279_result IMG_8284_result IMG_8282_result IMG_8289_result IMG_8297 IMG_8299 IMG_8299_result IMG_8297_result IMG_8302 IMG_8310 IMG_8306_result IMG_8306 IMG_8302_result IMG_8312_result IMG_8310_result IMG_8319_result IMG_8318_result IMG_8323_result IMG_8330_result IMG_8342_result IMG_8337_result IMG_8347_result IMG_8346_result IMG_8352_result IMG_8354_result IMG_8356_result IMG_8361_result IMG_8374_result IMG_8371_result IMG_8376_result

Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий