НАРЫН ШААРЫНДА НООРУЗ МАЙРАМЫ ШАҢДУУ БЕЛГИЛЕНДИ

Нооруз майрамы Т. Усубалиев атындагы борбордук аянтта белгинеп, жергиликтүү жашоочуларды Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүл Сабыркул Ашимбаев, КРнын Эмгек социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев , Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев, Нарын райондук мамлекеттик администрация башчысы Нуридин Мадимаров куттукташты.
Нарын шаарынын мэри К. Тутуев өз куттуктоосунда «Жаз менен кошо жарыша кирип келген Нооруз майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктаймын. «Өткөндү билсен келечегиңдин жолу ачылат, эскини туурасан азыркыдан артта калбайсың!»- дегендей бабаларыбыздын мурасын сыйлап, салтын улап келебиз.» Күн менен түн теңелген нооруз майрамы элибизге ынтымак, жерибизге кут, береке, үй бүлөңүздөргө бакыт таалай, ар бириңиздерге бекем ден соолук алып келсин!»-деди
Майрамдык салтанат өнөр ышкыбоздорунун концерти жана театралдаштырылган оюн-зоок программасы менен коштолуп, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү болуп өттү.
Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий