Бүгүн 20-июнда Нарын облустук музыкалык академиялык драма театрында «Саясий партиялардын жарманкеси-2015» ɵткɵрүлдү. Бул туурадуу мэриянын басма сɵз катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.
Биринчи жолу ɵткɵрүлүп жаткан бул иш чаранын максаты шайлоочуларды жакындан саясий партиялардын ишмердүүлүгү, алардын программалары, идеологиясы, тажрыйбасы менен тааныштыруу, келе жаткан шайлоолордун биометрикалык маалыматтарды колдонуу ыкмасы менен ɵтүүсүнүн ɵзгɵчɵлүктɵрү туурасында маалымат берүү, ошондой эле шайлоочулардын алдыдагы шайлоолорго болгон ишенимин арттыруу.
Иш чарага Ѳкмɵттүн облустагы ыйгарым укуктуу ɵкүлүнүн биринчи орун басары К.Асизов, шаар мэри Р.Адиев, БШКнын ɵкүлү Ж.Бапанова, БШКнын Нарын облусундагы координатору А.Аскаров, Эл аралык Республикалык Институттун, массалык маалымат каражаттарынын жана коомчулуктун ɵкүлдɵрү катышышты.
«Жарманке аркылуу шайлоочуулар ар бир партиянын саясий системасы жөнүндө маалымат алышып, ал эми саясий партиялар, ɵз кезегинде Нарын шаарынын эли менен жолугушуп, өздөрүнүн аткарган иштери, алдыга койгон максаттары, иш-чаралары менен тааныштырууга, ɵзгөчө жаш шайлоочулардын көңүлүнө жана саясий идеологиясына туура келген партияларды тандап алуу мүмкүнчүлүктɵр түзүлɵт»-деп билдирди ɵз сɵзүндɵ шаар мэри Р.Адиев.
Ал эми Нарын шаарынын жарандары «СДПК», «Бүтүн Кыргызстан-Эмгек», «Ата-Журт-Республика», «Ѳнүгүү-Прогресс», «Ата Мекен», «Замандаш», «Бир-Бол», «Мекен Ынтымагы», «Күчтүү Кыргызстан» саясий активдүү партиялардын Парламенттик шайлоого карата платформалары менен таанышышты.
Жарманкенин экинчи бɵлүгүндɵ аталган партиялардын аткарган иштери жана алдыга пландары презентацияланып, ишмердүүлүгү туурасында слайддар кɵрсɵтүлдү.