НАРЫН ШААРЫНДА УЛГАЙГАН АДАМДАРГА УРМАТ-СЫЙ КӨРСӨТҮЛДҮ

Бүгүн, 1-октябрда Нарын шаарынын вице-мэри Салтанат Эсенаманова шаардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Токтомушев Тукеш атаны жана 100 жаштан ашкан Осмоналиева Жамийла апаны улгайган адамдардын күнү менен куттуктап, ал-абалын сурады.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн куттугун кубануу менен кабыл алган карыяларыбыз ак батасын берип узатышты.

Быйыл Улгайган адамдардын эл аралык күнүнө карата Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинен 61 миң сом бөлүнүп берилип, социалдык абалын эске алуу менен жашы 80ден өткөн 137 шаар тургунуна майрамдык белек ыроолонду.

 

Share

Добавить комментарий