НАРЫН ШААРЫНДА УЛУУ ЖЕӉИШ МАЙРАМЫНА АРНАЛГАН САЛТАНАТТУУ ЖҮРҮШ ѲТКѲРҮЛДҮ.

Бүгүн Нарын шаарындагы Т. Усубалиев атындагы борбордук аянтта Улуу Жеӊиштин 73 жылдыгына жана Нарын шаарынын 150 жылдыгына карата мектеп окуучуларынын аскердик даярдык боюнча салтанаттуу жүрүшү болуп ɵттү.

Шаар тургундарын, айрыкча жаштарды мекенчилдикке үндɵгɵн бул иш чарага шаардагы бардык мектептердин окуучулары чоӊ даярдык менен активдүү катышышты.

Майрамдык иш чараны ачкан Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов Улуу Жеӊиштин маани-маӊызына токтолуу менен  жогорку деӊгээлдеги мындай иш чараны уюштурган мугалимдерге жана окуучуларга тереӊ ыраазылык билдирди. Ошондой эле асманыбыз ачык болуп, эгемендүү ɵлкɵбүз гүлдɵп ɵнүгɵ берүүсүн тилек кылып, балдарга кеӊ келечек каалады.

Иш чарада Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева, Кыргыз Республикасынын Ардагерлер коомунун мүчɵсү, генерал Мелис Бекбоев, Нарын шаардык билим берүү бɵлүмүнүн башчысы Кубан Мамбетов жана башкалар сɵз сүйлɵп, балдардын мекенчил сезимине, алгачкы аскердик даярдыгына жогору баа беришти.

Салтанаттуу иш чаранын программасында салтанаттуу аскердик жүрүш менен катар курал чачуу жана чогултуу, коргонуу ыкмалары, курал менен кɵнүгүү, саптык даярдык, саптык ыкмалар сыяктуу комплекстүү кɵнүгүүлɵр кɵрсɵтүлдү. Ошондой эле мекенчилдикке үндɵгɵн ыр-бийлер аткарылып, флеш-моб бийленди.

Иш чара негизинен ар бир мектептин алгачкы аскерге чейинки даярдык сабактарынын мугалимдери тарабынан даярдалды. Балдардын салтанаттуу жүрүшү эртеӊ, 9-мIMG_9632_result IMG_9646_result IMG_9652_result IMG_9654_result IMG_9657_result IMG_9662_result IMG_9663_result IMG_9664_result IMG_9667_result IMG_9671_result IMG_9673_result IMG_9675_result IMG_9676_result IMG_9677_result IMG_9678_result IMG_9687_result IMG_9692_result IMG_9696_result IMG_9702_result IMG_9704_resultай күнү Ѳлбɵс полктун жɵɵ жүрүшүн коштомокчу.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

IMG_9696_result

FacebookTwitterVKOdnoklassnikiWhatsAppДостор менен бөлүшүү

Добавить комментарий