Нарын шаарында Чернобыль апаатынын 30 жылдыгы белгиленди

IMG_41611986-жылдын 26 апрелинде Чернобыль атомдук электр станциясында болгон жарылууга туура отуз жыл толду.  Бүгүн,  26-апрелде Нарын шаардык маданият үйүндө бул каргашалуу апаатта курман болгондорду эскерүү митинги өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Митингке КРѲ Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Кайыпов, Нарын шаарынын мэри  Р.Адиев, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынан өкүлдөрү, Чернобыль апаатынын катышуучулары жана шаар тургундары катышышты.

Чернобыль атомдук электр станциясындагы кырсыктын жоюлушуна катышкандарга мааракелик медалдар жана айрымдарына Ардак грамоталар тапшырылып, чакан программадагы концерт берилди.

Даталуу күнгө карата бул категориядагы жарандарга, жергиликтүү бюджеттин эсебинен  ар бирине 2 миңден 3 миң сомго чейин жылына бир жолку материалдык колдоо көрсөтүлүп, медалдарды жасатууга акча каражат бөлүнүп берилди.

Ал эми мамлекет тарабынан Чернобыль өзөктүк кубат станциясындагы жарылуунун 30 жылдыгына карата, апааттын кесепеттерин жоюуга катышкандарга, жабыр тарткандарга быйылкы жылы 20 миң сомдон 30 миң сомго чейинки өлчөмдө акчалай жардам көрсөтүлүп камкордук көрүлүүдө.

Белгилей кетсек, Нарын шаарында бүгүнкү күндɵ Чернобыль апаатына катышкан  ден — соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 21 жаран, каза болгон катышуучулардын 4 үй — бүлɵсү жана Чернобль апаатынан кийин тɵрɵлгɵн 18 жашка толо элек 10 бала бар.

Маалымат үчүн айтсак, ЧАЭСтин кесепеттерин жоюуга Кыргызстандан 5 миңге чукул эр азаматтар катышкан, ал эми чакан Нарын шаарынан эле кырк эки адам кетип, алардын жетɵɵсү кайтып келгенден кийин алган радиациянын залакасынан каза болушса, тɵрт адам ошол жактан каза тапкан.

IMG_4161

IMG_4233 IMG_4230 IMG_4207 IMG_4204 IMG_4201 IMG_4178 IMG_4179 IMG_4182 IMG_4194 IMG_4188 IMG_4170 IMG_4168 IMG_4165

Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий