НАРЫН ШААРЫНДА ЭНЕРГИЯНЫ ҮНѲМДѲѲ ДОЛБООРЛОРУ ИШКЕ АШАТ.

Нарын шаарында дээрлик 6 ай бою жылуулук энергиясын колдонуу мезгили болгондуктан электр жана жылуулук энергиясын үнɵмдɵɵ негизги кɵйгɵйлɵрдɵн.

Бул кɵйгɵй Дүйнɵлүк банк жана Швейцариялык ɵнүктүрүү бюросу тарабынан эске алынып, «Нарын шаарынын энергия колдонуусун изилдɵɵ» долбоору ишке ашып жатат.

Бүгүн Нарын шаардык мэриясында семинар ɵткɵрүлүп, Дүйнɵлүк банктын эксперттери тарабынан мэриянын жана тиешелүү мекеме-ишканалардын кызматкерлерине аталган долбоор тууралуу маалымат берилди.

Дүйнɵлүк банктын энергетика тармагы боюнча эксперти Замир Чаргыновдун айтымында, долбоор 7 айдын ичинде Нарын шаарынын энергия колдонуусун изилдеп чыгат. Мындай изилдɵɵлɵр Кыргызстандын Балыкчы, Токтогул жана КМШ ɵлкɵлɵрүнүн бир нече шаарларында жүргүзүлгɵн.

Изилдɵɵнүн максаты кайсы жерде, кайсы тармакта, кайсы имаратта энергетикалык жана жылуулук энергиясын үнɵмдɵсɵ болоорун изилдеп, үнɵмдɵɵнү натыйжалуу ишке ашырса болоорун аныктоо болуп саналат. Изилдɵɵлɵрдүн жыйынтыгы менен эксперттер ɵзүн ɵзү тез актаган иш чаралардын тизмеси түзүлүп, андан соӊ Дүйнɵлүк банк же башка ɵнүктүрүү агенттиктери менен чогуу карап, алардын программаларына туура келсе инвестиция тартып, энергияны үнɵмдɵɵ аракеттери жүзɵгɵ ашырылат.

-Энергияны изилдɵɵ долбоору аяктагандан кийин жакын арада ишке ашчу долбоор-«Жылуулук берүүнү жакшыртуу» долбоору. Анын алкагында Нарын шаарында АРИС аркылуу мектептердин, бала бакчалардын, саламаттыкты сактоо мекемелеринин имараттары ээлеген аянтына жана канча адам колдонгонуна жараша тандалып алынып, талапка ылайык жылууланып, оӊдолуп берилет. Бул мамлекеттик деӊгээлде колдоого алынган долбоор. Азыркы учурда Президенттин кол коюусу күтүлүүдɵ. Демек азыркы изилдɵɵлɵр келечекте чоӊ инвестицияларга жол ачып, энергияны үнɵмдүү пайдалануу аракеттерин жакшыртат,-дейт З. Чаргынов.

Семинарга Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов катышып, долбоор нарындыктар үчүн абдан маанилүү экенин белгилеп, учурда иштелип жаткан шаардын Башкы планын түзүүдɵ да энергия үнɵмдɵɵ боюнча эксперттердин пикири зарыл экенин билдирди.

Share

Добавить комментарий