Нарын шаарында 7-апрель Элдик революциясынын 5 жылдыгына карата курман болгондорду эскерүү митинги ɵттү

Бүгүн, 6-апрельде Нарын шаарында Апрель Элдик революциясы күнүнѳ карата курман болгондорду эскертүү митинги болуп ѳттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сѳз катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

Нарын шаарындагы ”Тянь-Шань” паркында таӊ эрте муӊдуу комуз күүлѳрү жаӊырып, митинг 7-апрель баатырларына арналып тургузулган эстелик астына шаар, облус жетекчиликтин жана коомчулуктун ѳкүлдѳрүнүн гүл чамбарларды коюусу менен башталды.

Эскерүү митингди Нарын шаарынын мэри Р.Адиев, “бүгүн биз апрель окуясында шейит кеткен балдардын элесин эскерүү жана элибиз эркиндикке жете ала тургандыгын тастыктаган күндү белгилɵɵ максатында чогулуп отурабыз. Элдик революциянын баатырларын жана активдүү катышуучуларын элибиздин эркиндикке, демократияга болгон күрөшүнүн символу болгон Апрель элдик революциясынын күнү менен куттуктаймын”-деген сɵздɵр менен ачты. Ошондой эле 24-марттагы ыӊкылап койгон талаптар аягына чыкпай, максаттар кийинки бийлик тарабынан ишенимди актабагандыгынын кесепетинен 2010-жылы эл кайрадан кɵтɵрүлүп, апрель революциясы — өлкөдө башкы күч эл экенин далилдеген күн болуп тарыхыбызда калганын белгилеп ɵттү.

Андан соӊ курман болгон баатырлардын арбагына куран окулуп, эскерүү минутасы жарыяланды.

Сɵз Ѳкмѳттүн  Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү Аманбай Кайыповго берилип, ал ѳз сѳзүндѳ — “Элдин жаркын келечеги үчүн баатырларча курман болгон эр азаматтарыбыз, мамлекетти сактап калуу менен чыныгы демократияга карай жол ачып кетишти. Алардын жаркын элеси  биздин жүрɵгүбүздɵ түбɵлүк жашайт жана  эрдиктери эч качан унутулбайт” деди . Ошондой эле Нарын райондук мамлекеттик администрациянын башчысы Т.Жанбоев, апрель элдик революциясынын баатырларлары  жана катышуучулары да бул датага карата ɵз ой-пикирлерин билдиришти.

Ал эми иш-чаранын жүрүшүндɵ маданият кызматкерлер тарабынан атайын Апрель элдик революциясынын 5 жылдыгына карата даярдалган, кырчындай болгон жаш баланын бейкүнөө окко учкандыгы, анын жакындарынын кɵз жашы алигиче кургай электигин чагылдырган учурдан үзүндү кɵрсɵтүлдү.

Белгилей кетсек, Нарын шаардык мэриясы тарабынан жалпы бүгүнкү иш-чараны уюштуруп, ɵткɵрүү үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 80 миӊ сом акча каражаты бѳлүнүп берилди, мунун ичинен 42 миӊ сому Апрель Элдик революциясында кайтыш болгондордун үй-бүлѳѳсүнѳ, жаракат алгандарга, активдүү катышуучуларына материалдык колдоо кɵрсɵтүү максатында жумшалды.

IMG_6275IMG_6273 IMG_6272IMG_6270IMG_6262 IMG_6263IMG_6266IMG_6268 IMG_6260IMG_6258

 

Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий