НАРЫН ШААРЫНЫН БАТЫШ АЙМАГЫНДА СОЦИАЛДЫК КѲЙГѲЙЛѲР АРБЫН.

Бүгүн, 8-февралда Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов шаардын Жаӊы-Жолдон Ак-Кыяга чейинки Батыш аймагынын эли менен жолугушту.

Салтка айлангандай шаар мэри алгач жасалган иштерге, алдыдагы пландарга токтолуп, андан соӊ элдин кɵйгɵйлɵрүн укту.

Аталган аймакта жыл ичинде «Шаарыбыз баарыбызга» аттуу марафондон түшкɵн акча каражатынын эсебинен 540 870 сомго 49 даана түнкү жарык түркүктɵрү менен орнотулуп, пайдаланууга берилген. 7 кичи кɵчɵгɵ (Чоӊ-Таш, М. Рыскулов, Бейшеналиева, Аскаров, Опорный, Айтматов, Ботаника кɵчɵлɵрүнɵ) шагыл тɵгүлүп, түздɵлгɵн. БУУнун «Бүткүл дүйнɵлүк азык-түлүк» программасынын алкагында шаардагы аз камсыз үй-бүлɵлɵрдү жумушка тартуу максатында 6 ички кɵчɵгɵ таза суу түтүгү киргизилген.

Ал эми быйылкы жылга тротуар салуу ишин баштоо, №9-мектептин имаратын куруу аракетин кɵрүү, эски фонарларды ички кɵчɵлɵргɵ орнотуу, «Опорный» сейил багын толук бүткɵрүү, ички жолдорду оӊдоо жана башка жумуштар пландалган.

Жыйында аймак тургундары Тɵш-Булак аймагындагы кичи кɵчɵлɵргɵ түнкү жарык коюу, суу чыгаруу, жолдорду түздɵɵ, таштанды салуучу челектерди жетиштүү деӊгээлде коюу зарылдыгы, аймакта аптека жоктугу, ФАПтын имаратынын жылытуу системасынын начардыгы, транспорт каттамынын солгундугу сыяктуу бир катар социалдык кɵйгɵйлүү маселелерди ортого салышты.

Шаар мэри чындыгында бул аймакта кɵйгɵйлɵр кɵп экенин, бирок аларды чечүүнүн аракеттери кɵрүлүп жаткандыгын айтты. Айрым маселелер боюнча тиешелүү мекеме жетекчилерине тапшырмаларды берип, тез арада жыйынтык чыгарууну милдеттендирди.

Share

Добавить комментарий